Turmush — 22-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алай районундагы «Кайди» тоо инвестиялык компаниясы 17 фура алтын концентратын мыйзамсыз чыгарып кеткени тууралуу айтып чыкты. Бирок Бажы кызматы ошол эле учурда бул маалыматты четке кагып, бардыгы мыйзамдуу болгонун жана компаниянын лицензиясы бар экенин билдирди. Ошондой эле концентратты алып чыгуу жана киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан алынган лицензия болгон учурда гана мүмкүн экени, мындай лицензия «Кайди» компаниясына 26-августта берилгени айтылды.
Ал эми «Кайди» компаниясынын жетекчилиги депутат Аккулу Бердиевдин буга чейинки каралоосу да негизсиз деп эсептейт.
Аталган компаниядан билдиришкендей, «Кайди» — Чоң-Алай районундагы эң ири салык төлөөчүлөрдөн. Ошондой эле жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн каржылык жактан демөөрчүлүк кылган компания болуп эсептелет. Ушул жылдын 29-январында президент Садыр Жапаровдун алгачкы беш жарлыгынын ичинде ишкерлерди колдоо, инвесторлорду тартуу жарлыгы да кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыкта негизги милдеттер — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгында төмөнкүдөй шарттар каралган:
- айрым жана чек арага жанаша аймактарда ишкердик ишти жүргүзүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдетилген фискалдык режимди камтыган жагымдуу шарттарды түзүү;
- инвестиция маселелери боюнча тоскоолдуктарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жөнөкөйлөтүү.
«Президенттин ишкерлерди колдоо боюнча бир катар жарлыктарына карабастан биздин компания тууралуу такталбаган, туура эмес маалыматтар мезгил-мезгили менен таратылып, биздин ишмердүүлүккө тоскоолдук жаралууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевдин «Кайди» компаниясы тууралуу чындыкка дал келбеген билдирүүлөрү бир нече жолу болгон. Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин отурумдарында депутат биздин компанияны «алтын кошулмасы бар концентратты фиктивдүү документтер менен жана аткезчилик жол менен чыгарып кетип жатат» деп билдирүү жасаган. Бирок бул маалымат тастыкталган эмес. Себеби, бул ошол кездеги Экономика министрлигинин 2021-жылдын 26-августундагы №2.10.KG21240000478 лицензиясы менен жана башка керектүү деп берилген документтердин негизинде кеткен концентрат болгон.
Андан тышкары бул депутат биз иштетип жаткан кенди: «Кумтөрдүн деңгээлиндей, бул жерде чоң маселе бар» деп көпчүлүктүн көңүлүн буруп, биздин компаниянын аброюна шек келтирген туура эмес маалыматтарды таркатууда.
Биздин өкмөтүбүз тарабынан өзгөчө маанидеги кендердин мыйзамдуу тизмеси бекитилген. Ал жерде Кумтөр кени бар, бирок биз иштеткен кендер көрсөтүлгөн эмес.
Бир нече жолу жасаган билдирүүлөрүндө Бердиев биздин компания тууралуу тастыкталбаган, чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, биздин ишмердүүлүккө, аброюбузга терс таасирин тийгизип, калк арасында күмөн жаратып, компанияга зыян келтирүүдө.
Ушуга байланыштуу «Кайди» компаниясы Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылып, бул компания тууралуу жалган маалымат таратып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиевге тийиштүү чара колдонууну жана такталбаган маалымат таратууну токтотууну талап кылабыз», - деп билдиришти аталган компаниядан.
Маалым болгондой, «Кайди» тоо инвестициялык компаниясы Кыргыз Республикасынын аймагында 2008-жылдын октябрь айынан тартып иштеп баштаган. Бүгүнкү күндө Ош облусундагы Чоң-Алай районунда жайгашкан Кара-Казык кен чыгуучу бассейнде Левобережный жана №2 Рудное тело аттуу кендеринен алтын кошулмасы бар таштарды ташып, ишмердүүлүк жүргүзөт.
2009-жылы Чоң-Алай районунун Кабык айылында жогоруда көрсөтүлгөн алтын кошулмасы бар таштарды иштетүү үчүн атайын алтын ылгоочу фабрика курулган. Бул фабрика 2010-жылы 2 ай иштеген. Бирок 2011-жылдан баштап 2017-жылга чейин иштебей токтоп калган. Буга кыргыз-кытай өнөктөштүктүн негизинде пайда болгон инвестициялык долбоордун иштешине айрым жергиликтүү тургундар каршылык көрсөткөнү себеп болгон. Анын себептерин компания жетекчиси бир нече жолу кат аркылуу өлкө президентине, башкы прокурорго, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана башка жергиликтүү органдарга билдирип, кайрылуулар жөнөтүлүп турган.
«Ал эми 2015-жылдан тартып ушул биздин инвестициялык долбоорду эл арасында кеңири түшүндүрүп, жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте иштешип, эки тарапка пайдалуу келишимдерди түзүп, ишкердикти уланттык. Бүгүнкү күндө биздин компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жана тийиштүү лицензиялар, уруксаттар, келишимдер менен иштеп жатат. Бүгүнкү күндөгү иш-аракеттер Ош облусунун, анын ичинде Чоң-Алай районунун жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдары менен, ошондой эле жергиликтүү калктын колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Бул райондогу эң ири салык төлөөчүлөрдөн гана эмес, жергиликтүү калкты социалдык жактан колдоп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн чоң салымыбызды кошуп келе жатабыз», - деп кошумчалашты аталган компаниядан.
«Кайди» компаниясынын колдоосу, демөөрчүлүгү астында Чоң-Алай районундагы төмөнкү иштер аткарылган:
- Кара-Кабак айылында 14 млн сомго бала бакча;
- Жайылма айылында 12 млн 800 миң сомго спорттук зал;
- Кызыл-Эшме айылында 10 млн 500 миң сомго спорттук зал курулган;
- Кызыл-Эшме айылында таза суу чыгаруу үчүн техникалык жардам берилген;
- Кызыл-Эшме айылына сугат суусун тоодон ашырып алып келүү жана жол салуу иштери аткарылган.
- Дароот-Коргон айылында айыл өкмөт тарабынан 9 млн 800 миң сомго бала бакча курулган. Бирок жергиликтүү бюджетке «Кайди» компаниясы тарабынан берилген акчанын эсебинен курулган;
- Дароот-Коргон айылында 25 млн сомго спорт комплекс;
- Дароот-Коргон айыл өкмөтүндө «Кайди» компаниясынын райондук өнүктүрүү фондуна которгон акчанын эсебинен, тактап айтканда 14 млн 800 миң сомго борбордук стадион курулган.
- Дароот-Коргон айылында 10 млн 500 миң сомго спорттук зал жана жаштар бирикмесинин имараты курулган;
- Дароот-Коргон айылындагы Кырарык тилкесинде учурда бала бакча курулууда. Биринчи кабаты бүткөрүлгөн. Ага 4 млн сом которулуп берилген;
- Кызыл-Туу айылында 13 млн 500 миң сомго бала бакча курулган;
- Жар-Башы, Чак айылдарында салынган жолду суу алып кеткенден кийин оңдоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле көпүрөнүн дамбасы «Кайди» компаниясы тарабынан курулуп жатат. Бул жерде техника, айдоочулардын айлык акысы компания тарабынан каржыланууда;
- 13 млн сомго Жар-Башы, Чак, Жаш-Тилек айылдарын туташтырган көпүрө курулду;
- Чак айылында 13 млн сомго бала бакча курулду;
- Чак айылындагы мечит, чайкананын ички оңдоо иштерине 2 млн 8 миң сом жумшалган;
- Чак айылында узундугу 3,6 км жолго асфальт төшөлгөн. Ага 23 млн сом акча каражаты кеткен;
- Чак айылында сметалык баасы 29 млн сом болгон спорт комплексинин курулушуна компания тарабынан 11 млн сом которулган;
- Чак айылында учурда дагы бир бала бакча айыл өкмөт тарабынан курулууда. Акчанын көбү «Кайди» компаниясы тарабынан жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттан сарпталган;
- Жаш-Тилек айылына таза суу чыгарууга 11 млн сом бөлүнгөн;
- Ошондой эле ушул эле айылга бала бакча курууга 12 млн сом акча каралган.
Техникалык жардам:
- Райондун бардык айылдарында курулуш учурларда техникалык жардамдар берилип келет. Көпчүлүк учурда күйүүчү майы менен кошо берилет. Ошол эле учурда айдоочулардын айлык акылары, техникаларды оңдоо иштери, түшкү тамакты каржылоо компания тараптан болуп келет.
*Мындан сырткары ар жыл сайын жаз алды менен жолдорду оңдоо, көпүрө салуу жана айыл элинин үй тиричилигине, мечиттердин курулушуна жардамдашуу сыяктуу иштер тынымсыз жүрүп келет.
«Кайди» компаниясы тарабынан төмөнкү долбоорлор ишке ашкан:
- Жар-Башы айылындагы Тараша каналын оңдоо, жайлоого жол салуу, таза суу киргизүү;
- Чак айылына көпүрө, дамба куруу;
- Кызыл-Эшме айылынын Аксай аймагындагы каналдын жана жолдун курулушу;
- Текелик-Горумду жана Текелик-Тогорок-Шибер каналынын курулушу;
- Таш-Коргон—Жаш-Тилек—Чак каналы, Чоң-Кочкорчу жана Кичине-Кочкорчу дарыяларына дюкер куруу.
- 85 гектар талаа жолун, тактап айтканда Горум, Төгөрөк-Шибер, Ак-Шыбак, Кашка-Жол, Кум-Талаа, Көк-Жар жана башка айыл тилкелерине жол менен кошо суу түтүкчөлөрүн салуу:
- Кызыл-Суу дарыясынан Кабык айылына өтүү үчүн көпүрө куруу иштери аткарылган.
«Кайди» ЖЧКсы тууралуу маалыматтар:
Юстиция министрлигинен 2015-жылдын 20-сентябрында каттоодон өткөн. Салык жана салык эмес төлөмдөр:
- Салыктын 11 түрү боюнча 449 млн 442 миң 232 сом;
- Социалдык фондго салык 77 млн 571 миң 493 сом;
- Аймактарды өнүктүрүү фондуна 70 млн 158 миң 570 сом;
- 2015-жылдан 2019-жылга чейин социалдык пакет төлөмү 231 млн 598 миң 987 сом;
- 2017-жылдан баштап социалдык жардам 12 млн 710 миң 988 сом болгон.
Жалпы: 1 млрд 73 млн 81 миң 257 сом.
№ | Жыл | бирдик өлчөм | ФРР (2 %) | соцпакет | соцжардам | |
1 | 2015 | сом | - | 10 000 000 | - | |
2 | 2016 | сом | 9 042 887 | 40 000 000 | - | |
3 | 2017 | сом | 9 969 855 | 58 000 000 | 1 504 398 | |
4 | 2018 | сом | 26 730 436 | 57 700 000 | 1 885 000 | |
5 | 2019 | сом | 17 090 360 | 65 898 987 | 1 444 000 | |
6 | 2020 | сом | 7 325 032 | - | 295 000 | |
7 | Күйүүчү май, тамак-аш, каналдарга сеткамак, щитовой затвор | 7 582 590 | ||||
Жыйынтык | сом | 70 158 987 | 231 598 987 | 12 710 988 |
Жумушчулардын саны:
- Иш мезгили келгенде жыл сайын жергиликтүү тургундардан 130-140 адам жумушка тартылып, иш менен камсыз болот. Бул учурда 3-3,5 млн сом айлык акыга төлөнөт.