Turmush — Алай жана Кара-Суу райондору чектешкен аймакта сары таштар жайгашкан талаада мындан бир нече жыл мурун ишкерлердин тобу чалгындоо иштерин жүргүзүп, таштарды иштетүү боюнча лицензия алып, жумушту башташкан. Бирок жергиликтүү эл ишкерлерге караманча-каршы болууда. Эмне үчүн мындай жагдай жаралганын териштирип көрдүк.
Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо айылынын жашоочуларынын чөп чабык талааларына жакын жайгашкан жерде сары таштар орун алган жай бар. Бул жерди Алай районунун расмий бийлиги Алай районуна караштуу жер экенин айтышса, Кара-Суу районунун расмий бийлиги Кара-Суу районуна караштуу экенин айтып келишет. Таш-Короо айылынын жашоочулары менен ишкерлер тобу дал ошол жер кайсы районго караштуу экенин бүгүнкү күнгө чейин тактай албай убайым тартууда.
Ишкерлер тобу аталган жайга барып, таштарды казуу иштерин баштары менен жергиликтүү эл топтолуп каршы чыгышат. Ал тургай бир нече ирет бул ишке 2 райондун тең мамлекеттик кызматкерлери териштирүү иштерин жасап, жумуш убактылуу токтоп турган.
Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары бул талаштуу жагдайдын төркүнүн териштирип көрүү максатында сары таш чыккан жайга барды.
Аймактык кабарчынын айтымында, ишкерлер тобу таш чыккан аймакка оор техникаларды алып барып, казуу иштерин жүргүзө баштаганда жергиликтүү тургундар да чогулду. Аталган жайга Алай районунун акими, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы да барды. Андан мурдараак Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы Кантөрө Жантөрөев маалымат берип, талаш 3 жылдан бери болуп келе жатканын айткан.
«Бул талашка 3 жыл болуп датат. «ЖолМедКен» жоопкерчилиги чектелген коому лицензия алып, анын мөөнөтү бүтүп, кайрадан улантты. Бул жерде Таш-Короо айылынын тургундарынын каршы чыкканы туура эмес, мыйзамсыз. Анткени аталган жер Кыргыз мамлекеттик долборлоо жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун картасында дагы, аталган институттун Ош облустук башкармалыгынын картасында дагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жери болуп турат. Алардын тиешелүү корутундусу бар. Ошонун негизинде Геология жана жаратылыш ресурстары агенттиги лицензия берген. Булар чалгындоо иштерин бүттү, эми таштарды иштетүүгө түшүшү керек эле. Түшүнбөстүктөн улам каршылык жаралып жатат.
3-4 жолу облустук администрациянын, райондук администрациянын биргелешкен комиссиялары жеринде карап, түшүндүрүп, айтып кеткенбиз. Ошондо жергиликтүү эл макул дешкен. Кайра эле каршы чыгып жатышат. Буларды кимдир бирөө атайын кылып жатабы, билбейм. Бирок элдин аракети мыйзамсыз. Жалпы 3 ЖЧКга 182,1 гектар жер берилген. «ЖолМедКенге» 31,5 гектар, «Нуртейит» ЖЧКга 14 гектар, «Нурислам» ЖЧКга 136 гектар жер берилген. 3 ишканага тең Геология жана жаратылыш ресурстары агенттигинен лицензия берилген. Булар азыр иштете албай жатышат», - деди Жантөрөев.
Бирок Алай районунун акими Каныбек Апбасов ишкерлер менен Гүлчө айыл өкмөтүнүн документтери бири-бирине туура келбей жатканын айтып, аталган жерде документтерди тактап алыш керектигин, баары мыйзамдын чегинде болушу керектигин айтты.
«Жол МедКен» ЖЧКнын өкүлү алар да мыйзамдуу түрдө иштеп жатканын, мыйзам бузуу болбостугун, президент Садыр Жапаров ишкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлсүн дегенине карабай тоскоолдуктар болуп жатканын белгиледи.
Алай районунун акиминин орун басары Шерикбай Жапанов «ЖолМедКен» ЖЧКнын юристи менен документтерди териштирди. Ал аталган ишкана 8 координат боюнча иш алып барышы керектигин айтты. «ЖолМедКен» ишканасы (документти көрсөтүп) 8 координат боюнча иш алып барышыңар керек экен. Азыр силер казып жаткан жер координаттарыңарга дал келбейт. Бул биринчиси. Экинчиси, силер Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы силер казып жаткан жер Кара-Суу районуна карайт деп маалымат берип жатат. А бизде Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо, жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун башчысынын картасы бар. Анда бул жер Алайга карайт деп турат», - деди Жапанов.
«ЖолМедКен» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү негизинен алар казып жаткан жер Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу экенин, геологдор келип, жерди так аныктап бергенин, эгер Алай районунун расмийлери алардын чечимине каршы чыгып жаткан болсо, сотко кайрылышы керектигин, ишкерлер соттун чечими менен гана ишти токтоторун айтты.
«Биздин бул жерлер талаш болсо силер сотко кайрылсаңар, сот бизге убактылуу токтотуп тургула деген өкүмүн берсе, анан токтотобуз. Жеке ишкерлерди мыйзам боюнча сот же лицензия берген мекеме гана токтото алат.
Президент Садыр Нуркожоевич өзү «жеке ишкерлерге бут тоспогула, жардам бергиле, иштегиле» деп жатат. Эми бул жерди биз иштетсек элге, мамлекетке эле пайда. Салык төгөбүз, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылабыз. Макул, жергиликтүү элге социалдык пакеттерди бөлүп берели деп жатабыз. Биз бул жерде мыйзамдын чегинде, мыйзамдан чыкпай эле иштеп жатабыз. Мына эми лицензиянын ар 2 жылда мөөнөтү бүтөт. Биз бул жерге оор техникаларды алып келип жатабыз. Анан ушинтип эле жумуш токтой берсе, ишкерлер «банкрот» болбойбу», - деди ишкананын өкүлү.
Жергиликтүү эл ишкерлердин ишине караманча-каршы болушту. Ал эми ишкерлер болсо мыйзамдын чегинде иштеп жатканын айтып, документтер такталганга чейин жумушту убактылуу токтотуп турушарын айтышты.