Turmush — Шайлоодон четтетилген «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын чечими боюнча Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында партиянын мүчөсү Медер Абдыманапов билдирди.
Абдыманапов аталган партия менен Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкер болуп катталган. Анын айтымында, БШКнын 10 мүчөсү партияны шайлаган 21 миң шайлоочунун укугун тебелеген. Мындан улам партия БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылат.
«Кечээ БШК өзүнүн отурумун өткөрүп, ал отурумда Ош шаарында өткөн шайлоонун жыйынтыктарын карап чыкты. «Биздин Кыргызстан» саясий партиясын шайлоодон четтетүү боюнча чечим кабыл алды.
Ал отурумда БШКнын мүчөлөрү бир дагы жүйөөлүү себептерди, далилдерди көрсөтүп бере алган жок. Бир дагы фамилия, бир дагы факт же ички иштер органдарына катталган факт, соттун чечими жөнүндө далилдер көрсөтүлгөн жок. Жөн гана 10 адам отуруп, чечим кабыл алып койду. Ош шаардык кеңешин шайлоого катышкан жалпы шайлоочунун ичинен 21 миң 500 жаран биздин партияны шайлады. Бул Ош шаарындагы шайлоого катышкан шайлоочулардын 32 пайызы биздин партияга добуш берди дегенди билдирет. Ошол 32 пайыз добушту БШКнын 10 мүчөсү жокко чыгарып койду. Биздин Баш мыйзамда так жана даана көрсөтүлгөн. «КРдин ар бир жараны шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп турат. Демек, 10 адам Ош шаарындагы 21 миң 500 шайлоочунун шайлоо укугунан бир заматта ажыратып койду.
Биздин маалымат жыйындын эң негизги максаты — БШКнын үстүнөн даттанып, Жогорку сотко кайрылабыз. Биздин партиянын юристтери, биздин жактоочулар атайын документтерди, кайрылууларды, доо-арыздарды даярдап, бүгүн Жогорку сотко кайрылат. Жаңы дайындалган соттор, соттун төрайымы ошол 21 миң 500 добушту коргоп, акыйкат чечим чыгарат деген ойдобуз», - деди Абдыманапов.
Партиянын катарында Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон Айбек Таалайбек уулу партияга карата саясий буюртма болуп калганын айтты.
«Кечээ жыйынтыкты угарыбыз менен шайлоочулар телефон чалып, «биз мындай адилетсиздикке чыдап тура албайбыз. Чыгалы, элдин үнүн жеткирели» деп айтышты. Анан «силер чыдап туруңуздар. Бизди шайлаган 21 миң адамдын укугун коргогонго аракет кылабыз. Бардыгы мыйзамдын чегинде болот. Сотко, президентке кайрылабыз, мыйзамдын чегинде иш алып барабыз. Эч кандай провокация кылбайбыз» деп айттык.
Ошондуктан бүгүнкү күндө президентке да кайрылат элек, биз жөнүндө бир дагы факт жок. Шайлоо күнү көрдүңөр, биздин агитаторлор одоно мыйзам бузуп, колго түшкөн жок. Бул чечим болгону саясий буюртма гана болуп калды. Же болбосо ортодон чыккан бузукулардын сөзү болуп жатат десем жаңылышпаган болом», - деди Таалайбек уулу.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы болсо добуш сатып алуу фактысы боюнча «Биздин Кыргызстан» партиясы боюнча 3 факт аныкталганын, аталган иш иликтенип, Ош шаардык сотуна жөнөтүлгөнүн, учурда соттук кароодо турганын билдирди.