Turmush — Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагынын тургуну, тылдын ардагери Мария Астахованын үйүнүн айланасындагы жер тилкесинин 2 сотых аянты коңшулары тарабынан талашка түшүп жатат. Бул тууралуу өзү АКИпресс-Ысык-Көлдө уюштурган маалымат жыйында билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Мария Астаханованын айтымында, бул жер тилкеси 1961-жылы күйөөсүнө үй курууга берилген. Бул жерде алар экинчи жолу курулган үйдө жашап келишет. Биринчиси 1970-жылдары жер силкинүүдө жараксыз болуп калган.
«Жолдошум Анатолий Астахонов менен жергиликтүү бийликке кайрылып, жер алганбыз. Анда жолдошумдун атына берилген. 6 сотых жер болчу. Жолдошум күнү-түнү заводдо иштейт. Бошогон кезде үйдү кармайт. Ошентип, экөөбүз тапкан каражатка үй тургуздук. 1970-жылдары катуу жер силкинүүдө ал үйүбүз урап, кайра курганбыз. Анда жалгыз балам чоңоюп, кол арага жарап калган. Атасы иштен келгиче ушул уулум ураган үйдү бузчу. Ак эмгек менен алган жерибизди эми минтип кошуналар улам бир жеринен кемитип талашып жатышат. Ээн талааны ар кандай чөптөн тазалап, жер кылдык эле. Урматтуу президент, сизден жардам сурайм. Мыйзам чегинде жерге болгон укугумду камсыздап берсеңиз», - деди ал.
Бул жер боюнча соттук отурумдар акыркы 7 жылдан бери болуп келет. Анын баары ардагердин ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын келини Наталья Астахова айтып өттү.
«Апам бул соттук отурумдарды аябай оор көтөрүп жатат. Өзү астматик. Ар бир соттон кийин катуу ооруп калат. Тез жардам чакырып, жардам беребиз. Өмүр бою ак эмгеги менен ээн талааны жер кылып келди. Эми минтип талашып жатса, ден соолугу да кетип жатат. Кошуналар кезиккенде да жаман сөздөрдү айтып, капа кылышат. Акыйкаттык күтөбүз. Башында кимге да кайрылышты билген жокпуз», - дейт ал.
Мария Астаханованын уулу Александр Астаховдун айтымында, аталган жер 1961-жылы атасына жергиликтүү бийлик тарабынан үй курууга (6 сотых) берилген. Ал каза болгондо жубайына өткөн. Ал эми 2000-жылдары ошол үйүнүн айланасынан дагы 4 сотых жер тылдын ардагеринин өзүнө берилген. Ал эми 2015-жылы жерге мамлекеттик акт алууга мамлекеттик каттоо бөлүмүнө кайрылышкан. Анда биринчи жер жолдошуна, экинчи жер ардагердин өзүнө берилгени сот аркылуу далилденип, 0,10 гектар жерге мамлекеттик акт алышкан. Жерди курчап, жашылдандырышкан.
«Биздин үй менен кошунанын үйүнүн алыстыгы 20 метр. Ортодо саз турат. Анан ал биздин жерден 2 сотых жер аныкы экенин айтып, 2017-жылы сотко берген. Соттун чечими 2018-жылы чыгып, анда жер бизге тиешелүү экени аныкталган. Бирок ошол эле жылы кайра шаардык сотко кайрылган. Анда да 2 сотых жер биздики экени аныкталган. Бирок 2019-жылы ал административдик сотко берди. Анда сот биздин мамлекеттик актыны жокко чыгарып койду. Мен соттон сурадым. «Эмне үчүн жокко чыкты? Жери, мөөнөтү, чек араларынан эмнеси туура эмес экен?» деп сурадым. Бирок эч кандай түшүндүрүү жок эле кошунанын жокко чыгаруу боюнча арызынын негизинде жокко чыгарып салды. Жогорку сотко чейин жеттик. Баары биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырууда.
Жер талаш боюнча быйыл, 5-апрелде мэриянын алдында түзүлгөн комиссия келди. Аларда жер биздики экенин айтты. Республикадан да атайын жер боюнча комиссия келген. Учурда кошуна ошол ортодогу муниципалдык жерди да өзүнө каттатып алганы боюнча УКМК, прокуратурага арыз жазганбыз. Алар карап жатат. Жаңы ачылган жагдайга байланыштуу учурда сот отурумдарынын экинчи айлампасы башталды. Айланадагы 3 кошуна биригип кысым көрсөтүп келишет. Эми 90 жаштагы апам кайра күрөшүүгө мажбур болууда», - деди ал.