Turmush — Бүгүн, 5-июнь күнү «Альянс-Алтын» компаниясынын кызматкерлери Өтмөк ашуусунда жол жээгин тазалашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган компаниянын басма сөз катчысы Касиет Карачолокованын айтымында, мындай тазалык акциялары уланат.
«Бүгүнкү Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата тазалык акциясын уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн. Ага 70тен ашык кызматкер катышты. Баары өз каалоосу менен жаратылышка пайда келтирүү максатында катышып жатышат. Кээ бир кызматкерлер жубайлары менен келишти.
Бул Өтмөк ашуусу Таласка баруучу жол болгондуктан жергиликтүү тургундар жана коноктор өтөт. Биз тазалап жаткан учурда жолдо кетип бара жаткан жүргүнчүлөр токтоп, ак батасын да ыроолошту. Бул бир аз болсо да, экологияны сактоого салым болот деп ойлойм. Биздин компания айлана-чөйрөгө өзгөчө көңүл буруп келет. Мындай иш-чаралар болуп келген. Мындан кийин дагы да улана берет», - деди ал.
Ал эми Талас облусунан Бишкек шаарына бара жаткан жүргүнчү Байыс Алдаяров бул жер көптөн бери тазаланган эместигин айтып, компаниянын кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.
«Жолдо бара жаткан айрым жүргүнчүлөр таштандысын унаанын терезесинен ыргытып кете беришет. Бул жер Таластын кире бериши болгондуктан көркүн ачып, таза кармоо биздин милдет. Буга чейин айлана-чөйрөнү таштандыдан тазалаган компаниянын кызматкерлерин көргөн эмесмин. Азыр ушул жерде тазалоо иштерине катышып жаткан ар бир адамга ыраазычылык билдирем. Бул эл үчүн эң чоң жакшылык», - деди ал.
Мындай масштабдуу тазалык акциясы Таласта биринчи жолу өтүп жатат. Акциянын алкагында жалпы 3 тонна таштанды чыгарылгандыгы белгилүү болду.