Turmush — COVID-19 пандемиясынын айынан Кыргызстандын экономикасы абдан оор абалга дуушар болду. Өлкөнүн ИДПсы 8,6%га төмөндөп, бюджеттин таңкыстыгы 20 млрд сомго жеткен. Түз тышкы инвестициялардын түшүүсү 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу 55,6%га кыскарып, болгону 477,6 млн долларды түздү. Муну менен бирге геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 5,4 эсе азайды.
Республикага болгон чет элдик инвестициялардын агымынын азайышынын жалпы фонунда тоо-кен тармагына инвестиция салууга даяр компаниялар да табылууда. Алардын бири – Баткен облусунун Лейлек районундагы Апрельское кенинде геологиялык чалгындоо иштерди жүргүзүп жаткан «Апрельское AZI» ЖЧК эл аралык компаниясы.
Баткен облусундагы чек арада болуп өткөн куралдуу чыр-чатак көпчүлүк инвесторлорду жергиликтүү ишканаларга капиталдарды салуу канчалык максатка ылайык болорун ойлондуруп койду. «Апрельское AZI» ЖЧКсы мындай күмөн саноолордон алыс. Компания өндүрүштү өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга бекем ниет кылат.
2003-жылы кенди геологиялык чалгындоого лицензия алган компания иликтөө жумуштарын баштаган. Эки штольня, көлөмү 4000 погон метрден ашуун 30 скважина бургуланып, кенге чейин 9 чакырым жол салынды. Жалпысынан чалгындоо иштерине 5 млн долларга жакын каражат сарпталган. 2007-жылдын аягында компания 3 тонна алтынга барабар геологиялык запастарды мамлекеттин балансына киргизген. Запастын прогноздору 9 тоннага бааланган. Запастар боюнча мамлекеттик комиссия компаниянын отчетун жогору баалаган.
Жергиликтүү коомчулукка кандай жардам көрсөтүлгөн?
- Аз камсыз болгондорго каржылык жардам;
- Мектептердин имаратын оңдоо, компьютерлер, окуу китептери жана парталар менен камсыздоо;
- Лейлек райондук администрациясын компьютерлер менен камсыздоо, имаратты ремонттоого каржылык жардам;
- 2011-жылдагы Баткендеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам;
- Катран айыл аймагы боюна 5 көпүрө курулган;
- Согуш ардагерлерин жана коруктагы эмгекчилерди колдоо;
- Салык түрүндө 26 млн сом төлөндү;
5 көпүрө калыбына келтирилди.
2008-жылдагы экономикалык кризис жана андан кийинки 2010-жылдагы окуялардан улам алтынды өндүрүү создуктурулуп кеткен. Компания жумушту эми уланта баштаганда, 2012-жылдын ноябрь айында геологиялык чалгындоо лагерине адамдардын тобу кол салып, тоноп кетишкен. Кол салгандар «компания экологиялык нормаларды бузуп жатат» деп айыпташкан. Бирок алар тараптан эч кандай экологиялык экспертизалар жүргүзүлгөн эмес.
Кол салуу боюнча 2 кылмыш иши козголгон (“Өзүм билемдик", "Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу" жана "Бейбаштык” беренелери). Бирок натыйжада эч ким жоопко тартылган эмес. 2012-жылдан бери кенден 500 тоннадан ашуун алтын кошулмасы бар руда уурдалган.
Сергей Юрченко, «Апрельское AZI» ЖЧКсынын башкы директору: 2012-жылдан бери бизге иштегенге тоскоолдук кылып келишти. Геологиялык чалгындоонун натыйжасында алтындын тастыкталган запастары көбөйөөрү менен кенди бизден тартып алгысы келген же инвестордун эсебинен жеке пайда көргүсү келгендер пайда болгон. Ал үчүн булар экологиялык нормаларды сактоо керек деген шылтоо менен жергиликтүү тургундарды колдонушуп, геологдордун лагерин талкалап кетишкен.
Биз эски таарынычтарды унутуп, өз жеринин экологиясына кам санап жаткан Катраң айыл округунун жашоочулары менен конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярбыз.
Кен иштетүүнүн экологиялык кооптуулугу жөнүндө сөздөрдүн баары чындыкка дал келбейт. Компанияда жогорку тажрыйбалуу адистер иштейт, заманбап гана техника колдонулат. Фабриканын өзү агын суулардан жана дарыядан 10 чакырым алыста жайгашат. Муну менен анын булгануу коркунучу жокко чыгарылат. Өндүрүш технологиясында цианид колдонулбайт. Долбоор технологиялык, топурак, экологиялык коопсуздукка экспертизадан, ӨКМ экспертизасынан өткөрүлөт. Бардык уруксат алуулар эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.
Эгерде компанияга иштөөгө жол берилсе, фабрика 2021-жылдын 4-кварталында ишке киришүүгө даяр жана жок дегенде 20 жыл иштеп берет. Ишкана Лейлек районунун жана жалпысынан Баткен облусунун флагманы болуп калат. Район дотациядан чыгат. Фабриканы ачуу бюджетти толтурат, жаңы жумуш орундарын түзөт, эмгек мигранттары мекенине кайтып келет. Чек арадагы куралдуу чыр-чатактардын болушу Кыргызстандын жарандарынын чек ара аймагында эч жакка кетпей жашоосун улантуу маселесин курчутту. Фабриканы ишке киргизүү менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, бул көйгөй да чечилет.
300гө жакын жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болушат.
Катраң айыл аймагы үчүн эмне кылууга даярбыз?
- Жумушка 300дөн кем эмес жергиликтүү жашоочулар алынат, тиешелүү кесиптерге окутууга даярбыз;
- Иштетилген жердин аянтын жогорулатуу үчүн суткалык жөнгө салуунун суу бассейнин орнотуу;
- Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча 2 фабрика куруу;
- Микрокредиттик фонд ачуу – насыялар жылына 0,2% менен берилет;
- Аймактын округуна ишкананын дүң кирешесинин 2% бөлүнүп турат;
- Аз камсыз болгондорго жардам.
Баткен облусундагы окуяларда «Апрельское AZI» компаниясы четте калган жок. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чырда баарынан көп жабыркаган Ак-Сай, Ак-Татыр жана Кулунду айыл аймактарына жардам берилди. Бул аймактардын ар биринин эсебине компания 250 миң сомдон которуп берди.
Ошондой эле компания бул каргашалуу окуяда жолдошу каза болуп, 5 баласы менен жалгыз калган Бужум айылынын тургуну Сабира Алиевага колдоо көрсөттү. «Апрельское AZI» Сабира айымга каржылык жардам катары 500 миң сом которгон.
Элге болгон жакынкы кайрылуусунда Кыргызстандын президенти С.Жапаров экономикалык каатчылыктан чыгуу үчүн бир нече стратегиялык маселелерди чечиш керектигин айтты. Алардын эң биринчиси — өлкөгө инвестициялардын тартууну көбөйтүү жана экспорттун көлөмүн жогорулатуу. Компаниянын ишмердиги бул максаттарга толугу менен дал келет. «Апрельское AZI» компаниясы Апрельское кенин иштетүүгө эл аралык инвестицияларды тартууну камсыздайт. Ал эми алтын болсо жогорку ликвиддүү товар болуп эсептелет.
Тилекке каршы киреше алып келип, салыктарды төлөөгө даяр ишканага аймактын өнүгүшү, жердештери үчүн жаңы жумушчу орундардын түзүү, айлык акыларды алуусу кереги жок болгон белгилүү бир адамдардын тобу иштөөгө тоскоолдук кылууда.
Алар компаниянын мыйзамсыз негиздөөчүлөрү, ээлери болууга ашыгып, жеке кызыкчылыктарын гана көздөп жатышат. Бул рейдерлерге мамлекет жана жергиликтүү коомчулук бөгөт коюшу керек. Инвесторлор бардык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнөн конкреттүү кадамдарды, Катран айыл аймагынын жашоочуларынын конструктивдүүлүгүн күтүп жатышат, антпесе бардык аракеттер текке кетет.
Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуулардын бири
«Апрельское AZI» ЖЧКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча