Turmush — Орозо айт күнүнө карата «Альянс Алтын» компаниясынын акционерлери тарабынан Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл аймагынын 4 айылындагы тургундарга азык-түлүк, эт таратылды. Бул тууралуу аталган компаниянын өкүлдөрү билдирди.
Жалпы 320 үй-бүлөгө жардам берилген.
«Компаниянын акционерлеринин атынан 3 уй союлду. Ошондой эле азык-түлүк баштыктары даярдалып, жалпы 320 үй-бүлөгө берилди. Баштыктар таратылган үй-бүлөлөрдүн тизмеси айыл өкмөттөр тарабынан түзүлгөн.
Ал эми Талас облусунун жалпы шаар-райондорунан келген 500 кишиге ооз ачыруу уюштурулду», - деп билдиришти алар.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.