Turmush — Ош шаарындагы Курманжан датка кыздар лицейинде башталгыч класстар жана жогорку класстар болуп жалпы 800дөй окуучу билим алууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Маалым болгондой, алар Англия, Түркия, Африкадан келген мугалимдерден сабак алып, аны менен кошо келечекке туура багыт да алышат. Сабактарды мыкты өздөштүргөн окуучуларга жеңилдиктер каралган. Учурда 31 пайыз окуучу жеңилдик менен окуп жатат. Кыздар лицейи тууралуу мүдүр Шевкет Түтар төмөнкүлөргө токтолуп өттү.
«Окуу лицейибизде 6-класска чейин 500дөй окуучу, 7-11-класс болуп жалпы 800дөй окуучу бар. Биздин лицейдин өзгөчөлүгү — окуучулар 4 тилди бирдей өздөштүрүп кете алышат жана жогорку класстар кесипке багыт алып чыгышат. Сабактар кыргыз, орус, англис, түрк тилдеринде өтүлөт. 7-класстан баштап так илимдер англис тилинде окутулуп башталат. Ар жумада бир тилдин жумалыгы болуп, бир жума сабактар ошол тилде өтүлүп, окуучу мугалимдер да ошол тилде сүйлөшөт. 9-класстан баштап биздин окуучулар кызыккан тармагын тандап, мугалимдер, ата-энелер менен кеңешип, 3 тайпага бөлүнөт. Медицина, экономика, технология тармактарын тандап, ошол багытта окуй башташат.
Бул жылы Англия, Африкадан 2 мугалимди алып келгенбиз. Жыйынтык жакшы, кыздар англис тилинде эркин сүйлөй башташты. Кийинки жылы дагы 2 мугалим алып келүү планыбызда бар. Быйыл олимпиадага катышууга, улуттук тестке жана чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн TOEFL сынагына көңүл бурдук. Чет өлкөдө окуйм деген окуучуларыбызды Англиядан келген мугалим окутуп жатат», - деди ал.
Курманжан датка кыздар лицейиндеги окуучулар сабактан сырткары комуз, бий, спорттук ийримдер менен алектенет.