Turmush — Бүгүн, 24-апрель күнү Талас облусунун аймагында пневмония менен 1 адам катталды. Бул тууралуу Талас облустук жугуштуу ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, бейтап Бакай-Ата районунун тургуну.
Учурда ооруканада 8 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен үчөө коронавирус илдетинен, бешөө пневмония оорусунан дарыланууда. Буга чейин 10 адам ооруканадан айыгып чыккан.
Талас облусу боюнча коронавирус инфекциясы менен жалпы 2646 адам (ушул мезгилге чейин) катталган. Анын ичинен 1643 адам пневмония, 1003 адам коронавирус.