Turmush — Манас районунун Сөгөт айылы 1930-жылы негизделген. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын тактады.
Айылдын тургуну Бакыт Мырзабаевдин айтымында, Сөгөт айылы Манас районунун борбору Покровка айылынан 18 км алыста, күн чыгыш жагында жайгашкан.
«Түштүк жагыбызда Арал, Чеч-Дөбө айылдары, түндүк тарабында Кара-Арча айылы жайгашкан. Күн чыгыш тарапта тоолор, Ой-Жайлоо, Кан-Жайлоо болуп, андан ары Казакстан менен чектешебиз.
Сөгөт — бул талдын бир түрү. Айылыбызда анын кайсы тал экенин ажырата билген бир да адам жок. Бирөөлөр бутаксыз түз өскөн кара талды сөгөт тал ушул деп көрсөтсө, кээ бирөөлөр кадимки эле мырза теректи сөгөт тал дешет. Сөгөт аттуу жерлер, өзөн, сайлар, коктулар көп эле кездешет.
Сөгөт айылынын эли отурукташкан жерге Көгүчкөн-Уя деген аскадан ылдый арык салып, бак-дарак, мөмө-жемиш, картошка, жүгөрү сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрсө болот. Кийинчерээк турмуш отурукташууну талап кылып, кыштоолорду таштап, этек жактан жер тандашып, тегизирээк жерден орун алып, там тургузушуп, колхоз болуп уюмдашып, өзүнчө топ болуп келген чакан айыл. Бүгүнкү күндө айылда 305 адам жашайт деп катталган. Жалпы 40 түтүн эл жашайт. Эки уруу эл. Бири баур деп айтылса, экинчиси чиркей деп айтылат.
Улуу Ата Мекендик согушка айылыбыздан 31 адам кетип, 20 адам курман болуп, 11 адам кайтып келген. Кичинекей айыл болгонубуз менен чоң ийгиликтерге жетип, айыл элинин турмушуна салымдарын кошуп жаткан тургундарыбыз арбын. Айылда кары-картаңдар көп жашайт. Жаштарыбыз айылда жумуш жок болгондуктан сырт жактарга чыгып кетишкен. Абасы таза, суусу тунук, жайында салкын, жайытыбыз кенен.
1982-жылы чабандын үйү 3 жылдык мектеп болуп ачылган. Кийин 4 жылдык кылып окутулуп баштаган. Башталгыч мектепте 34 бала билим алып жатат. Ал эми 5-класстан өйдө коңшу Кара-Арча айылына барып билим алып келишет.
1928-жылдан бери Сөгөттүн окуучулары Кара-Арча айылынан орто мектепти аяктады деген күбөлүк алып келишет. 2020-жылы айыл өкмөт башчыбызга окуучуларды экинчи айылга алып барып, кайра алып келгенге кичи автобус алып берүүнү суранганбыз. Жакын арада маселебиз чечилет деп турабыз. Айыл эли мал менен жана дыйканчылык менен алек болуп келишет», - деди ал.
86 жаштагы Мөөркан апанын айтымында, айылдын жолу начар.
«Сөгөт айылы илгерки айыл. Унутта калган айылдардын бири. Али күнгө чейин улууларга жүгүнүп, алдынан кыя өтпөй, жол бошотуп келебиз. Салтыбыз катуу. Айылыбыз кичинекей айыл болгону менен ынтымактуубуз. Бири-бирибизди жакшы тааныйбыз. Айылда кандай гана жакшылык, жамандыктар болбосун 40 түтүн биргеликте иш кылабыз. Районубуздан алыс жайгашкандыктан илгери сары автобустар менен каттачу элек. Азыр болсо ар бир үйдө жеңил унаа бар. Ошентсе дагы жолубуз начар. Жолубузду оңдоп беришсе, жакшы болмок. Жаштарыбыз болсо айылдын жашоосун көрүп, өнүгүп-өсөлү деп сырт жактарга чыгып кетишкен. Жарымынан көбү кары-картаңдар жашайт. Азыркы учурда жашообуз Кудайга шүгүр, жакшы. Баары жетиштүү. Кенен-кесир оокат кылып жашап жатабыз. Илгеркидей жашоодо эмес, өнүгүп келе жатабыз», - деди ал.
Сөгөт айылында мектеп, ФАП, китепкана бар. Эли мал чарба жана дыйканчылык менен алектенет.