Turmush — Маркум Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова менен таежеси Бактыгүл Шакенова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына окуя тууралуу айтып берди.
«5-апрелде саат эртең мененки 10:00дө Айзаданын кесиптештери жумушка барбаганын айтып чалышты. Мен сиңдиме чалып, «Айзада жумушка барбаптыр. Үйгө барып карап койчу, кыжалат болуп жатам» деп айттым», - деди апасы.
Назгүл Шакенованын сиңдиси Бактыгүл Шакенованын айтымында, үйгө барса эч ким жок болгон.
«Анан апасына чалып, «Айзада жок экен, кеткен го» дедим. Саат 13:00дө Биринчи май РИИБге барып арыз жаздык. Ушул кызбы деп видеону көрсөттү. Ооба дедик. Арыз жазгандан кийин ошол жакта 3-4 саат отурдук. Эч кандай жыйынтык болгон жок. У. аттуу тергөөчү өзүнүн телефонун берип, «опер менен сүйлөштүңбү?» десем, «Эже, иштеп жатабыз. Кызыңыздын телефону иштеп жатса чалгыла» деди. Кечке чалдым, 16:00дө телефону өчүп калды. 18:30да Айзада өзү чалды. «Биз тигил жактан чыгып келе жатабыз» деп кыйкырып сүйлөдү. «Бактыгүл эже, мен келе жатам. Бул мени коё берген жатат. Мени Ош жакка алып кетип бара жаткан. Кайра артка келе жатабыз. Кара-Балтага жетип калдык. Эптеп сүйлөштүк, «договорились», мени үйгө алып бара жатат» деди. Кайра апасы чалса «мама, баары жакшы, сарсанаа болбоңуз» деп «истерический» үн менен кыйкырып сүйлөдү. Ал өзү тынч жүргөн кыз.
Ошол бойдон телефону өчтү. Байланыш жок, эч ким эч нерсе издеген жок. 10 саат болду. 5-апрелде эле түнү муунтуп өлтүрүптүр. 2 күндөн кийин, 7-апрелде табылды. 2 күн бою денелери ошол жакта жатыптыр. Эч ким карабаптыр, издеп жатабыз деп эле айтып жатышкан. «Биз 3 күндөн бери уктай элекпиз» деп айтышкан. Бул окуяны биз инстаграмдан уктук. Милициялар бизге чалган жок, «кызыңарды таптык, өлүк бар экен, «моргго» келе аласызбы» деп чалышкан жок. Иним өзү төртүнчү шаардык ооруканага барды. Өлүк сактоочу жайдан өз көзү менен көрүп, Айзада экен деп айтты. Милицияларга «инстаграмга чыгып жатат го» деп мен өзүм чалдым. Эжеме угузбайын деп айткан жокмун. «Эже, иштеп жатабыз» деп телефонду коюп салды. Карасам ошол унаанын номуру чыгып жатат. Иним өлүк сактоочу жайдан таанып чыкса айтам деп, 1 саат эжеме айтпай жүрдүм. Иним чалгандан кийин эжеме (Айзаданын апасына) айттым.
Эч ким издеген жок деп чечим чыгарып койдум. Кызды ала качып кетти, эми ачуу басар келет дегендей мамиле жасап коюшту. Тергөөчү У. бизге «той жейсиңер» деп айтты. «Бизде деле мындай учур болгон» деди.
Айзада ошол күнү таң атпай 7:00дө үйдөн жумушка бара жаткан. Жумушка барбай калгандыктан билдик. Кыздар чалышкан. Бул жакты бүтүрүп коюп барабыз, сөөгүн жерге бердик. Президентке чейин кайрылабыз. 4 баланы каматып, милицияларды иштебегендиги үчүн, шалаакылык кылганы үчүн кайрылабыз. Анткени бүт жерде камера бар болчу, оңой эле табышмак. Бардык маалыматтар бар болчу, унаанын номуруна чейин бар эле.
Ал Айзаданын жигити эмес болчу. Аны менен сүйлөшкөн эмес, баары билет. Баарынан териштирсеңер Айзада жөнүндө бир дагы жаман сөз укпайсыңар. Апасынын жардамчысы болчу. Түркияга барып иштеп, квартира алып берем дечү. Жалгыз кызы болчу. Эч нерсе кылган жок. Видеону «Фаиза» кафесинен мен барып алдым. Ошол күнү эле интернетке биз чыгардык. Тергөөчүлөр чыгарган жок. «Силер кыймылдабасаңар өзүбүз чыгарабыз, жөн отурбайбыз» дедик. Биз мыйзам чегинде адилеттүүлүктү талап кылабыз. Начар иштешти, баары жоопко тартылсын», - деди Бактыгүл айым.
Окуя тууралуу:
27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде белгисиз жигиттер Бишкек шаарынан зордоп унаага салып кетишкен. 2 күндөн кийин анын жана ала качууга шектелген адамдын денеси бир унаада талаадан табылган. Аны ала качкан жигит мурда бир нече жолу соттолгону, ысымы такталган.
Айзаданын денеси бүгүн, 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.