Turmush — Базар-Коргон районундагы авариялык абалдагы мектепте билим алган окуучулар келерки жумадан тарта чатырларда билим алып башташат. Бул тууралуу район акими Бакыт Козуев билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта 157 окуучу үчүн 10 чатыр тигилген.
«Буга чейин биздин райондун Кеңеш айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы мектептин абалына ата-энелер кооптонуп, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылышкан. Аны менен катар авариялык абалдагы мектептин абалы тууралуу социалдык тармактарда да ар кандай талкуулар жаралды. Ошол учурда мектеп окуучулары үйлөрүндө аралыктан билим алып жатышкан болчу. Бирок айылда байланыштан көйгөй көп болгондуктан, онлайн окутуу да жемишин бербей келген. Ошол учурдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айылдагы мектептен анча алыс эмес коопсуз жерге 10 чатыр орнотуп беришти. Айыл өкмөттөн, райондук мамлекеттик администрациядан түзүлгөн жумушчу топ, окуучулар үчүн убактылуу даараткана куруу жана башка жумуштарды жасап жатышат. Ошондой эле бүгүнкү күндө райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери электр чубалгыларын тартуу жумуштарын жасап жатышат. Буйруса келе жаткан жума, тагыраагы дүйшөмбүдөн тарта А.Осмонов атындагы мектебинин 157 окуучусу чатырларда билим алып башташат», - деди район акими Б.Козиев.
Район аймагында жалпы 7 авариялык абалдагы мектеп бар экенин, ал эми сөз болуп жаткан А.Осмонов атындагы мектебинин жаңы имаратынын курулушу быйыл башталарын кошумчалады.