Turmush — Түп районундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» өткөрмө пунктунда медицина кызматкерлери иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайылмышова билдирди.
Анын айтымында, чек ара өткөрмө пункту 1-апрель күнү ачылган. Коронавируска байланыштуу медицина кызматкерлери 10 күн сайын алмашып турат.
«Кыргыз-казак чек ара өткөрмө пунктунда азыркы тапта Түп районунан бир дарыгер, бир эпидемиолог, бир айдоочу жана бир ветеринар иш алып барууда. COVID-19дун алдын алууда эки тараптуу каттаган жарандардын дене табын өлчөп, медициналык көзөмөл жүргүзүлөт. Иштөө мөөнөтү 10 күнгө созулат. Кезек менен орун алмашууга бардык аймактан ак халатчандар камтылат. Азыркы күнгө карата ыкчам маалымат келип түшө элек, абал туруктуу», - деди Б.Жайылмышов.