Turmush — Бүгүн, 8-апрелде Балыкчы шаарында 27 жаштагы Айзаданын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Айзаданын жакындары, туугандары, жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ОИИБдин жетекчиси Канат Жумагазиев жана башкалар катышты.
Маалым болгондой, Айзада таята, таенесинин колунда өскөн.
«Айзаданын атасы менен апасы ажырашып кетишкен. Бул жакта таята, таенесинин колунда өскөн. Аябай жакшы, тартиптүү кыз болчу. Жароокер, жоош, сыйчыл эле», - деди маркумдун кошуналары.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.