Turmush — Чүй облусунун Панфилов районунун Орто-Арык айылында Апрель революциясынын баатыры Эмил Султаналиевдин эрдиги эскерилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маркумдун жакын туугандары билдирди.
«2010-жылдын апрелиндеги коогалаңдуу күндөр кыргыз коомунда өзгөчө кара тамгалар менен тарыхта калды. Жаш жигиттерибиз курман болуп, ата-энесин, балдарын, туугандарын кайгыга салды. Ошолордун бири Орто-Арык айылынын 45 жаштагы тургуну Эмил Султаналиев эле. Ал Бишкек шаарында жашап, иштечү. 6-апрель күнү топтолгон жарандарга кошулуп, акыйкаттыкты талап кылып чыккан. Ошол күнү ал үйүнө келбей калды. Туугандары ар тарапка телефон чалдык.
Эртеси, 7-апрель күнү жолдош балдары бизге телефондон Эмил дайынсыз жок болуп жатканын кабарлашты. Туугандары ар тараптан ызы-чууга түшүп, шаардагы ооруканаларды кыдырып, издеп жөнөдүк. Бир убакта өлүкканадан жансыз денеси табылганын айтышты. Ал жерге барсак, катар тизилген өлүктөр көп экен. Бизге чейин эле кайын атасы кирип чыгып, тааныганын, сөөгү ушул жерде экенин ачыктады. Ошентип, анын сөөгүн кичи мекени Орто-Арыкка алып келдик. Көрсө, денесинин сол тарабынан кирген ок өпкө, жүрөктү талкалай тешип, оң тараптан чыгып кеткен экен. Мына бүгүн, 8-апрелде анын денесин жерге бергенибизге туптуура 11 жыл болду. Анын жаркын элесине арнап эстелик таш койдук. Куран окуп, жараткандан бейишин тиледик. Артында бир уул, бир кызы калды», - деди алар.
Бир тууган иниси, 54 жаштагы Адыл Султаналиев: «Агам Эмил 45 жашында каза тапты. Көзү түрүү болгондо 56 жашка чыкмак. Биз 7 бир тууганбыз. 2010-жылдын 7-апрели бизди терең кайгыга салды. Андан мурдараак эле ата-энебизден, 35 жаштагы бир тууган инибиз Абылдан айрылган элек. Байкем Эмилдин каза тапканын укканыбызда жер көчүп, көзүм караңгылап, акыл эсимди да жоготуп койгом. Көрсө, жүрөк да өтө оор кайгыны көтөрө албайт тура. Коштолгон кайгылар үй-бүлөбүздү кара тумандай каптады. Айла жок. Адам баласы баарын көтөрөт тура. Агам 1965-жылы 21-январда Орто-Арык айылында төрөлгөн. Айылдагы орто мектепти аяктап, армияда болду. Андан соң Бишкек шаарында ар түрдүү жумуштарда эмгектенди. Кезегинде Панфилов райондук ички иштер бөлүмүндө да иштеген. Өтө жөнөкөй, чындык үчүн күйүп-жанган инсан эле. Өлүмгө баш ийип, куран окуп, артында калган туяктарынын өмүрүн тилеп келебиз. 7-апрель Элдик революция күнүнө карата эстелик таш койдук. Куран окуп, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болушун жараткандан тиледик», - деди.