Turmush — Ысык-Көл облусунда 40 жаштан жогорку ардагерлер арасында кичи футбол боюнча Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кубогу болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Мелдешке жалпысынан 16 команда катышты. Натыйжада 1-орунга «Ак-Суу» командасы ээ болсо, 2-орунду «Түп» командасы камсыздаган. Ал эми 3-орунду «Бостери» командасы багындырса, 4-орунга «Чырпыкты» командасы татыды. Жеӊүүчү командалар акчалай сыйлыктар жана медалдар менен сыйланышты. Ошондой эле «Мыкты чабуулчу», «Турнирдин мыкты оюнчусу», «Мыкты коргоочу» жана «Мыкты дарбазачы» наамын алган оюнчуларга да акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Турнирдин максаты — облус арасында ынтымакты бекемдөө, жаштар жана ардагерлер арасында сергек жашоону жана активдүү эс алууну калыптандыруу. Ардагерлерди спорт менен машыгууга тартуу менен кичи футболду өнүктүрүү болуп саналат. Бул спорттук иш-чарага командалар активдүү катышып, жогорку деӊгээлде өттү.