Turmush — Нарын облусунун аймагында туруксуз аба ырайына карабай Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Гөө, Кувакы ашууларында жана Бишкек—Нарын— Торугарт жолунда унаа кыймылы үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.
Маалым болгондой, ашуу-белдерге, кооптуу аймактардагы чукул жерлерге ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан посттор уюштурулуп, кырдаал көзөмөлгө алынууда.
Ал эми жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан 12 атайын техника тартылып, тайгакка каршы 93 тонна инерттик материал себилип, 72 жол жумушчу иш алып барууда.
Нарын ОИИБ боюнча ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык, жол кыймылынын эрежелери сакталышы керектиги айтылып жатат. Ошондой эле, ылдамдыкты так сактоо жана унаанын техникалык абалына көбүрөөк көңүл буруу керектиги эскертилип жатат.
Мындан сырткары 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жол кырсыктарынын алдын алууда, жол кыймылынын катышуучуларына жолдо жүрүү шарттарын түзүү жана унаа жолдун абалын жакшыртууда кошкон салымдары үчүн №41 жол тейлөө мекемесинин айрым кызматкерлери ЖКККБнын ардак грамоталары менен сыйланышты.