Turmush — Ош шаардык ички иштер башкармалыгында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын аянтчасында бүгүнкү майрамга байланыштуу салтанаттуу иш- чара болуп, анда кызматтык милдеттерин аткарууда артыкчылык көрсөткөн башкармалыктын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын сыйлыктары менен сыйланышты. Жалпысынан 100гө жакын башкармалыктын кызматкерлери, Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоодо салымдарын кошуп келишкен ички коопсуздук аскерлиринин жоокерлери, ардагерлери сыйлыктарга ээ болушту. Ардак громматаларды, алкыш баракчаларын, төш белгилер менен медалдарды салтанаттуу түрдө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов тапшырды.
«Бүгүнкү майрамыӊыздар менен куттуктап жатып, сиздерге, үй-бүлөӊүздөргө чыӊ ден соолук каалайм. Ар дайым элибиздин коопсуздугун коргоого арналган кесибиӊиздерде ийгиликтер коштоп жүрсүн. Элибиздин коопсуздугунун, ачык асманынын символу болуп жүрө бериӊиздер», - деди Мамасейитов.