Turmush — Бүгүн, 23-февралда Ош шаарында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, финалда «Кара-Суу» жана «Алай-2» командалары ойноп, жыйынтыгында «Кара-Суу» командасы 2:1 эсебинде жеңүүчү деп табылды. Оюндун негизги бөлүгүндө командалар бири-биринин тай казандарына бирден гана улак ташташты. Кошумча 10 мүнөттө «Кара-Суу» командасы биринчи улак салып жеңүүчү деп аталды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.