Turmush — Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын 22 жаштагы тургуну Нуржан Эсентурова акча табуу максатында кыздар менен биргеликте иш баштады. Анын ишинен аймактык кабарчы кабар алды.
Жаш ишкердин билдиргенине караганда, анын командасында студенттер жана мектеп окуучулары бар. Алар таттуулар жана кургатылган жемиштерден гүлдестелерди жасашат.
Нуржан Эсентурова өзү Эмгек жана социалдык мамилелер академиясынын юридика факультетинде 3-курста окуйт.
«Биздин командада студенттер жана мектеп окуучулары бар. Анын ичинен үчөө студент, экөө мектеп окуучусу. Атап айта турган болсом, Бегай Рыскулова экөөбүз студентпиз. Ал 1999-жылы туулган. Учурда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин химия факультетинде 4-курста окуйт. Аделя Алмазбек кызы 2004-жылы туулган. Бишкек курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинде 1-курста окуйт. Ал эми Алтынбек кызы Алина менен Русланова Кутпа Болот Мамбетов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Экөө тең 2004-жылы туулган.
Жайкы каникулда биз этно лагерде туристтерди тейлеп иштедик. Карантин учурунда өлкө эли гана эмес, дүйнө эли каржылык жактан кыйналып жатышты. Кошумча акча табуу жана өзүбүздү өзүбүз камсыздоо максатында белектерди даярдап, сатуу идеясына токтодук. Анткени биздин Бөкөнбаев айылында мындай товарлар дээрлик жок. Өзүбүз да майрам күндөрү жакындарыбызды куттуктап, көңүлүн көтөрүүдө белектерди кайдан аларыбызды билбей, башыбыз катчу», - деди ал.
Жаш ишкерлердин эмгектери 200 сомдон 2000 сомго чейин бааланат.
«Биз таттуудан жана кургатылган жемиштерден гүлдестелерди жасайбыз. Ал эми керектелүүчү буюмдарды шаардагы дүң соода борборлорунан алабыз. Өзүбүз абдан кызыккандыктан чыгармачылык менен жасайбыз. Жасалышы негизи татаалдыгына жараша бир сааттан үч саатка чейинки убакытты талап кылат.
Бизге жаштардан көбүрөөк буйрутма түшөт. Баасы 200 сомдон 2000 сомго чейин турат. Жаңы башталышы жаман эмес. Учурдан пайдаланып бизди колдогон ата-энелерибизге жана соода түйүн ээлерине ыраазычылык билдиребиз.
Командадагы ар бир кыздын чоң максаттары бар. Азыркы тапта ушул ишти өнүктүрсөк деген тилегибиз бар», - кошумчалады каарманыбыз.