Turmush — Жалал-Абаддагы 43 миңден ашык калкы бар Базар-Коргон айыл аймагы шаар макамын алууга даяр. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган айыл аймактын жооптуу катчысы Гүлифа Сагынбаева билдирди.
Жылдык бюджети 69 млн сомду түзгөн айыл аймакта райондогу мекеме-ишканалардын 90 пайызы жайгашкан.
Айыл өкмөттүн кызматкери ушул тапта айыл аймактагы социалдык инфраструктура шаар макамынын талаптарына жооп берерин айтат.
«2018-жылдан бери шаар макамын алуу боюнча бардык документтерди чогултуп, ушул аракетте жүрөбүз. Негизи биздин айыл аймакта 43 миң 853 адам же болбосо 9 миң 538 кожолук жашайт. Айыл аймак райондун борборунда жайгашкандыктан бардык мекеме-ишканалар ушул жерде орун алган. Бизде 16 көп кабаттуу үй бар. Алардын ар биринде 32ден батир бар. Ушул тапта 1-кабаттан 4-кабатка чейин таза суу бар. Мындан сырткары айыл аймактын ички көчөлөрүнүн 40 пайызына жакыны асфальтталган. Айыл аймакта 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 ФАП, 11 мектеп, 13 бала бакча, 3 муниципалдык ишкана, 4 таза суунун скважинасы, 2 маданият үйү, 1 китепкана, 1 эс алуу паркы бар», - дейт Г.Сагынбаева.
Жооптуу катчы акыркы жылдары айыл аймакта муниципалдык ишканалардын саны өсүп жатканына токтолду.
«Сөзүмдүн башында айтып өткөндөй, биздин айыл аймакта 3 муниципалдык ишкана бар. Алардын түзүлгөнүнө 5 жылдан ашык убакыт болду. Убакыт өткөн сайын алар өзүн-өзү каржылап, кошумча жумуш орундарын түзүүдө. Мисалы, “Тазалык” ишканасы 2015-жылы түзүлгөн. Анда 40ка жакын кызматкер эмгектенет. Алар күн сайын айыл аймактын борбордук жана ички көчөлөрүнүн тазалыгына көз салып турат. Ал эми Базар-Коргон аймактык суу-канал башкармалыгынын түзүлгөнүнө быйыл 6 жыл болду. Алар калктын 85 пайызын ичүүчү таза суу менен камсыздап жатышат. Акыркы жылдары курулуш үчүн лицензия алышкан. Айыл аймактын казынасынан керектелүүчү материалдарды сатып берсек, өздөрү түтүктөрдү жаңылап, абоненттердин санын көбөйтө баштады. Башында 1200гө жетпеген абонент менен ишти баштаган ишкананын азыр 7 миңге жакын абоненти бар. Аны менен бирге бюджети кеңейип, бизден көз каранды болбой калды. Ал эми жакынкы арада ишке кирген муниципалдык менчик башкармалыгы жигердүү иштерди аткарып жатат. Буйруса шаар статусун алсак, дагы жаңы ишканаларды ачып, кошумча жумуш орундарын түзгөнгө шарт жаралат.
Өткөн 2020-жылы жылдык бюджетти 69 млн сомго жеткирдик. Буйруса алдыңкы жылдары бул көрсөткүчтү 100-150 млн сомго чыгаруу планыбыз бар. Анткени, өлкөнүн түштүгүндө Кара-Суу базарынан кийин эле ири базарлардын бири — Базар-Коргон базары турат. Мында жумасына 2 жолу коңшу облустан жана жакынкы район-шаарлардан сатуучулар жана тургундар келип, соода кылып кетишет. Алдыда жайма базар уюштуруп, андан чогулган каражатты бюджетти толтурууга жумшоону пландап жатабыз», - дейт ал.
Базар-Коргон айыл аймагына шаар макамын берүү маселеси 2018-жылдан бери айтылып келет. Буга чейин Жогорку Кеңеште 1-окууда жактырылып, 2-окууда да каралары айтылган.