Turmush - Бишкек—Балыкчы жолунун 73-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кырсык бүгүн, 14-январда саат 13:00 чамасында катталган. Ысык-Көл тарапка бараткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, бет маӊдай келе жаткан дагы бир «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 1 киши жабыркады.
Окуяны Чүй облустук ЖКККБ тастыктап, кырсык боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.