Turmush - Жумгал районунун Таш-Дөбө айылынын келини Жаркынай Боталиева Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Каракол айылында туулган. Ал учурда үйдөн буйрутма менен таттуу токочторду жасап жатат.
Анын таттуу токоч, тортторду жасап жатканына аз эле убакыт болгон. Алгач өзүнүн үй-бүлөсүнө, андан соң туугандарына, теңтуштарына жасап, тажрыйба топтогон.
«Айылда иш жок. Үйдө бош отурбай, таттуунун түрүн жасап, эрмектеп келем. Аз эле убакыт болду. Өзүм эле үйрөнгөм. Жалпак тил менен айтканда хобби десем болот.
30 жаштамын. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын: 3 эркек, 2 кызбыз, эң кенжеси мен болом. Өзүмдүн түбүм Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан, Алыбай уруусунан болом. Жумгалга 2011-жылы келин болуп келдим. Жолдошум Адилет Өмүрбеков 1988-жылы туулган. Чарбачылык менен алек.
Айылда жумуш жок. Айыл өкмөттөн жардам жок. Жок дегенде сүт завод ачып койсо, Жумгалдагы келиндерге пайдасы тиет эле», - дейт Ж.Боталиева.
Жаркынай дүкөндө сатылчу тортторду жасайт. Анын баалары көлөмү жана салмагына жараша 350-400 сомдон 1500 сомго чейин бааланат. Ал эми булочкалардын 1 даанасы 10 сомдон сатылат.
Айылдагы майда той-топурларда, туулган күн жана даталуу күндөрдө буйрутма алат.
Жаркынайдын мектеп жашында 3 кызы бар. Келечекте кондитердик чакан цех ачуу жана мектептеги окуучуларга токочторду жасоо кыялы бар.