Turmush - Ош шаарында 2020-жылы жарандарды тейлөө бюросу ысымы такталбаган 16 адамдын денесин жерге берди. Бул тууралуу аталган бюронун жетекчиси Сабыржан Калмаматов билдирди.
Анын айтымында, 16 адамдын ичинен 3 адам Кытайдын жараны болгон. Алар Жалал-Абадда шахтада газга ууланып каза болушкан.
«Биз өздүгү такталбаган жалпы 16 сөөк көмдүк. Бирөө боорукерлик үйүнөн, 15 адам Ош шаардык мейитканасына өздүгү такталбай түшкөн эле. Булардын ичинен 12 маркум мусулман, төртөө христян дининдегилер. Көбү турак жайсыз, спирт ичимдигине берилген адамдар. Булардын жакындары жок болгондуктан мамлекеттин эсебинен көмүлөт», - деди ал.
Мыйзам боюнча жерге берилгенге чейин сөөктөр Ош шаардык мейитканасында 21 күн сакталышы керек. Ал аралыкта анын жакындары изделип, өздүгүн тактоо иштери жүрөт. Эгерде ысымы такталбаса тергөө иштери аяктагандан кийин гана сөөктөр тейлөө бюросуна өткөрүлүп берилет.
«Сөөктөр мейитканада 3 жума сакталат. Көпчүлүк учурда сөөктөр кечиктирилип жерге коюлат. Себеби документ иштери аяктаганга чейин мейитканада сакталып турат. Кээде ал иштер 2 айга чейин созулуп кетет. Качан гана тергөө жыйынтыкталып, өздүгү такталбаган деп аныкталгандан кийин гана бизге өткөрүп беришет. Андан кийин биз жерге бергенге укуктуубуз», - деди Калмаматов.
Сөөк жерге берилип, арадан убакыт өткөндөн кийин жакындары табылып калган учурлар кездешет. Жылына жарандарды тейлөө бюросуна сөөктү көмүүгө 100 миң сомго чейин каражат бөлүнөт. Бөлүнгөн каражат жетпей калат. Ар бир сөөктү жерге берүүгө 5 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт.
«Биз жерге берген 16 сөөктүн арасынан үчөөнүн ысымы аныкталып, жакындары күбөлүк кагаз алып кетишти. Ал сөөктөрдү көмүүгө мамлекет жылына 80 миңден 100 миң сомго чейин бөлөт. Кээде бул сумма 15-20% кыскартылып, бөлүнгөн акча жетип-жетпей калат. 2020-жылы жалпы 80 миң сомдон ашык акча короттук», - деди ал.
Бир адамды көмүүгө канча сом, кандай каражаттар жумшалганы документ кагаздарында көрсөтүлгөн. Ошол боюнча иш жүргүзүлөт. Мусулмандарды көмгөндө чыгым көп кетет. Христяндарды көмгөндө табытын жасатууга мык, жыгач жана майда иштерине каражат жумшалат.