Turmush - 10-январь күнү Кара-Суу районунун Нариман айылында денеси табылган адам Тажикстандын жараны болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматын билдирди.
Маалыматка караганда, айылдан 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кечээ, 12-январь күнү коомчулукка маалымат тарагандан кийин маркумдун жакындары анын документтерин алып келип, сөөгүн алып кетишкен. Маркум Тажикстандын 1971-жылы туулган тургуну Н.О.Г экени аныкталды. Ал 2 жылдан бери Кыргызстанга келип, ар кандай жумуштарда иштеп жүргөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.