Turmush - Чүй облусунун Токмок шаарынын аймактык ооруканасы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана Чүй облусунун тиш дарылоо поликлиникасы биригип, Токмок шаардык жалпы дарыгерлер практикалоо борбору болуп түзүлдү. Мындан улам мурунку Токмок шаардык аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаева ээлеген ордунан бошоп, орун басарлык кызматка сунушталып жатат.
Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, Бактыгүл Исаева Канат Исаевдин бир тууганы.
«Ооба, мени жумуштан бошотушканы жатат. Бирок буйрук келе элек. Кечээ эле бул саясий чечим экенин айтышкан.
Азыр Чүй облусундагы аймактык ооруканалар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун бириктирип, мекемеге бир эле жетекчини дайындап жатышат. Бирок дайындалган жетекчилер кандай критерийлер менен тандалып алынары белгисиз. Былтыр эле жетекчиликке сынак жүрүп, кайра өтүп келгем. Албетте, чыгымды азайтып, оптималдаштыруу саясатын колдойм. Бул туура. Бирок иш тажрыйбага, жасаган иштерге карап, жетекчилерди тандап алышса жакшы болмок. Эч кандай талкуу болбой туруп, тез аранын ичинде чечим чыгыптыр. Ошондо дагы өкмөттүн токтому жок», - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытованын айтымында, оорукананын жетекчилери жумуштан кетишпейт. Алардын бири орун басар болуп калат.
«Азыр ошондой буйрук келип, жыйын болду. Аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бириктирилип, бирөөсүнүн жетекчиси ошол бириктирилген ооруканага жетекчи болсо, экинчиси анын орун басары болуп калат. Башка дарыгерлердин баары ордунда калат.
Ал эми Токмок шаардык аймактык ооруканасынын директору Бактыгүл Исаевага саясий куугунтук болгон жок. Ал орун басар болуп иштей берет», - деди ал.