Turmush - Бакай-Ата райондук соту 2 аюуну аткан адамды шарттуу түрдө эркинен ажыратып, айып пул салды. Соттун чечими 2020-жылдын 2-декабрында чыгарылды.
Маалым болгондой, айыпталуучу Урмат (аты өзгөртүлдү) 1984-жылы Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 5 кыздын атасы. Убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана кармоо) боюнча айып тагылган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, айыпталуучу Урмат (аты өзгөртүлдү) Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашайт. Эч жерде иштебегендиктен Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургундарынын койлорун алып, жайлоодо багып жүргөн. Ал 2020-жылдын август айынын этегинде райондун Үрмарал өзөнүнүн Чийим-Таш жайлоосунда элдин малын кайтарып жүрүп, сейрек кездешүүчү күрөң аюунун мамалагын «Вепрь 223» үлгүсүндөгү куралы менен атып өлтүргөн. Андан кийин терисин сыйрып, этин жиликтеп, куржунуна салып алган. Кыргызстанда күрөң аюуну аткандарга 1 млн сом айып каралган. Айыпталуучу бул айыпты төлөй элек.
Урмат (аты өзгөртүлдү) экинчи чоң күрөң аюуну сентябрь айынын башында түнкү саат 23:00 чамасында Чийим-Таш жайлоосунда атып өлтүргөн. Анын да терисин сыйрып, этин жиликтеп, куржунга салган. 11-сентябрда Айры-Бел аймагына жумуштары менен барып, Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын тургуну А.К.га жолугуп калган. Урмат (аты өзгөртүлдү) ага «үйгө кетип бара жатсаң ушул куржундагы этти үйгө алып барып берип кой» деп анын унаасына аюулардын эти салынган куржунду салып жиберген.
11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Бакай-Ата районунун Маданият айылынын Үрмарал өзөнүнө кеткен жолдун кайрылышынан А.К.га таандык «Ауди-80» унаасы милиция кызматкерлери жана Биотүрдүүлүктү сактоо департаментинин өкүлдөрү тарабынан токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын ичинен 2 аюунун терилери, 2 башы жана эти табылган.
Сотто Урмат (аты өзгөртүлдү) күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, аюунун мамалагын 2020-жылдын август айынын жыйырмаларында эртең менен саат 08:00 чамасында Чийим-Таш жайлоосунда атканын айтып берди. Мамалак ал багып жаткан элдин малын кырып, жеп жатканынан кыйкырып, бакырса да качпай койгон. Айла жоктон мамалакты өзүнүн куралы менен аткан. Арадан 15 күндөй убакыт өткөндөн кийин 2020-жылдын сентябрь айынын башында Чийим-Таш жайлоосунда малды карап жаткан учурда түнкү саат 23:00 чамасында чоң аюу келип, малга кол салган. Ал аюуну кыйкырып коркутса да кетпей, кайра өзүнө айбат берип коркуткан. Элдин малын коргоп калуу максатында чатырынан куралын алып чыгып, аны да аткан. Анын да терисин сыйрып, этин жиликтеп, таанышынын унаасы менен үйүнө салып жиберген.
Урмат (аты өзгөртүлдү) кылган ишине өкүнөрүн билдирип, соттон камакка байланышпаган жаза берүүнү суранды.
Бакай-Ата райондук соту иштин материалдарын карап чыгып, Урмат (аты өзгөртүлдү) жогорудагы 2 эпизод боюнча айыптуу деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу жана 100 миң сом айып салуу чечимин чыгарды. Бирок ага карата пробациялык көзөмөл колдонуу аркылуу жаза өтөөдөн бошотту. Ага катар эле атылган аюулардын ар бири үчүн 1 млн сомдон 2 млн сом өндүрүү боюнча өкүм чыгарды.
Окуя тууралуу:
Буга чейин 2020-жылдын 12-сентябрында Turmush басылмасына Талас облустук биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин адиси Айнура Алиева Бакай-Ата районунун Үйүр-Марал өзөнүндө аюу менен мамалак атылганы аныкталганын билдирген болчу.
«Бүгүн Кызыл-Сай айылынын 40 жаштагы тургуну Үйүр-Марал өзөнүнөн аюу жана мамалак атып келе жаткан жеринен кармалды. Ал жаныбарлардын терисин сыйрып, этинин үчтөн бир бөлүгүн алып келе жаткан. Учурда кармалган адам Талас ОИИБде экенин билдиришти», - деген ал.
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин аңчы инспектору Анарбек Кутманов муну менен Талас облусу боюнча биринчи жолу аюу атуу фактысы катталганын билдирген. Бул аймактан 2019-жылы фотокапкандарга түшкөн 5 аюу бар деп саналган.