Turmush - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Чатыр-Көл көлү кышында тоңуп калат. Муздун бийиктиги 3 метрге чейин жетет.
Чатыр-Көл — Кыргызстандын эң бийикте жайгашкан ири көлү. Деңиз деңгээлинен 3530 метр бийикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 23 км, туурасы 11 км, тереңдиги 16,5 метрге жетет. Аянты 161,1 чарчы чакырымды түзөт. Узундугу 45 км болгон Көк-Айгыр суусу мөңгү жана кар суулардан куралып, Чатыр-Көлгө куят. Көлдөн суу агып чыкпайт. Муздун калыңдыгы 3 метрге чейин жетет.
Климаты жер шартына жараша өтө катаал континенталдуу. Саз жана саздак жерлер көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан.
Чатыр-Көлдүн аймагы 2005-жылы 8-ноябрда Уганда мамлекетинин борбору Кампала шаарында Рамсар Конвенциясынын IX конференциясында суулуу саздак аймактарынын тизмесине расмий түрдө киргизилген.
Чатыр-Көл антропогендик таасирлерге аз учурап, адамдын ишмердүүлүгү тарабынан өзгөрүүгө учурабагандыктан бийик тоолуу суулуу-саздак экосистеманы түзүп, потенциалдуу Рамсар жери болуп саналат.
Чатыр-Көл жапайы канаттуулардын жашоо циклинде орчундуу мааниге ээ. Алардын көбөйүүсүнө, үйүргө топтолуусуна ыңгайлуу, тынч аймак болуп саналат. Бул көлдө суулуу-саздак жерлерди мекендеген канаттуулардын 80ден ашык түрү бар. Борбордук Азияда тоо казы Чатыр-Көлдө гана көбөйүп, саны канааттандырарлык абалда.
Чатыр-Көл куштардын көп массада учуп келгенде, сезондук миграцияларында, күзүндө бул жерде миңдеген өрдөктөрдүн, каздардын, алардын ичинен түндүк уюлду жердеген айрым түрлөр да кездешет. Тоо казы Индия, Пакистан мамлекеттеринде кышташат. Миграциялык жолу 1000-1500 чакырымды түзөт. А жолду алар 2-2,5 ай ичинде учуп өтүшөт. Канаттуулардын саны Чатыр-Көлдө стабилдүү.
Маалыматтар жана сүрөт Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунан алынды