Turmush - Чүй облусунун Кемин районундагы Боом капчыгайында — Балыкчы—Бишкек унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
«Боом капчыгайында жолдун бир тилкеси жасалып жатат. Ошондон улам унаалар ошол тушка келгенде бир катар болуп экинчи тилке менен гана өтүшөт. Ошол жерден жол тайгак болуп, үч автоунаа кырсыкка учурап, ортодогу тосмону сүзүштү», - деди күбөлөр.
Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы окуяны тастыктап, кырсыктан эч ким жабыркабаганын, материалдык чыгым болгонун кабарлашты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.