Turmush - Социалдык тармактарга телефон жарылып, көзү агып калды делген бала боюнча тартылган видео тарап, ал окуя Кемин районунун Орловка шаарында болгону айтылып жатат. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы мындай окуя аталган райондо катталбаганын билдиришти.
«Биз бул маалыматты угар замат, дароо текшерүүгө алдык. Бирок мындай факт катталбаптыр», - деп билдиришти алар.
Чүй облустук ооруканасынан билдиришкендей, телефон жарылып, көзү агып калган баланы облустагы ооруканаларга алып барышкан эмес.
Чүй ОИИББ басма сөз кызматы дагы облуста мындай факт катталбаганын билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.