Turmush — Каракол шаарынын тургундары мындан ары алдын ала төлөмсүз жана 0% менен ипотекага үй ала алышат. Тиешелүү адистер аны алуунун жолдорун өкмөттүн өкүлчүлүгүндө өткөн жолугушууда айтып беришти.
Мындай социалдык багыттагы долбоорду «Ордо Мурас» коммерциялык эмес кооперативи ишке ашырууда. Алар бир жылдан бери иштеп, 40 чакты үй -бүлөнү турак жай менен камсыздашты. Анын негиздөөчүсү Зейне Болушеванын айтымында, долбоордун максаты — элди турак жай менен камсыз кылуу.
«Биз Каракол шаарындагы кыймылсыз мүлктөр боюнча бааны изилдеп көрдүк. Анда турак жайлардын орточо баасы 2 млн сом экен. Демек, 10 жыл аралыгына эсептеп, ипотекага алууга болот. Биздин долбоордун жакшы жактары, документтер топтому жеӊилдетилген (минималдык пакет). Ошондой эле Кыргызстандын каалаган регионунан турак жай ала аласыңар. Анын жүзүн ары кылсын, бирок кандайдыр бир кыйынчылыктар менен убагында төлөй албаган жарандарга кийинки айга калтырууга мөөнөт берилет. Биздин кооператив бардык ишин Кыргызстандын мыйзамдары менен жүргүзөт», - дейт ал.
Турак жайлуу болуу үчүн 5 кадамды басып өтөсүз:
1. «Ордо Мурас» кооперативине мүчө болуу;
2. 20%, 35%, 50% баштапкы төлөм жүргүзүү. Ошол эле маалда баштапкы төлөмгө акчасы жокторго атайын топтоо программасы иштелип чыккан. Ал аркылуу топтой аласыз;
3. Чыдамсыздык менен кезегиңизди күтөсүз. Бул 3-4 ай;
4. Өз үйүңө киресиӊ жана турак жайдын ээси болуп ойгоносуӊ;
5. Айына бир жолу өз батириӊ үчүн акча төлөйсүӊ.
Бул долбоордун Караколго келишине шаар тургуну Аксана Исмаилова түрткү болду.
«Мен Бишкек шаарындагы 1 бөлмөлүү батиримди сатуу үчүн бул кооперативге кайрылгам. Алардын жардамы менен үйүмдү каалаган баада сата алдым. Анан алар 3 ай аралыгында мага акчамды банк аркылуу которушту. Ошентип алардын максаттары менен тааныштым. Мен да өз шаарымда кеңсе ачуу сунушун бердим. Буйруса жакында Караколдо кеңсеси ачылат. Анда турак жайлуу болууну каалаган ар бир жердешиме маалымат берүүгө даярмын», - дейт Аксана Исмаилова.
Кооператив учурда өлкөнүн 5 облусунда иш жүргүзүп жатат. Анда көптөн күткөн турак жайын алгандар бар. Алар учурда башка райондорду кыдырып, өздөрүнүн сүйүнүчтөрү менен бөлүшүүдө.
«Мен азыр бул кооперативге мүчөмүн. Мен сыяктуу үй ала албай жүргөндөргө жардамым тийсин деп, мен да жолугушууларга келип жатам. 3 балам бар. Өзүм бул долбоор аркылуу Бишкек шаарынан 3 бөлмөлүү батир алдым. Айына 21 миң 200 сом төлөйм», - дейт Азатбек Кудайбергенов.
Иш-чарага келген ысык-көлдүктөр үчүн лотерея ойнотулуп, белектер берилди. Анын жеңүүчүлөрү облус элине социалдык колдоо болгон жакшы долбоор болуп калышын тилек кылышты.
Аталган кооперативде Каракол шаарында көп кабаттуу үй куруу пландары да бар.