Turmush — Лейлек районуна караштуу Катраң айлындагы 540 гектар аянттагы жерге суу жеткирүү үчүн курулуп жаткан каналдын курулушуна тоскоолдуктар болуп жатат.
Маалым болгондой, анын курулушун 2019-жылдын 1-июнунда «Гидробетон Строй» ЖЧКсы баштаган. Тендерди «Кырк-Булак» суу пайдалануучулар ассоциациясы өткөргөн. Ага 4 ишкана катышкан. Алар – «Гидротех Сервис» ЖЧКсы 43 млн 531 миң 478 сом, «Инженерная защита» ЖЧКсы 39 млн 220 миң 783 сом, «Авангард Строй» 38 млн 438 миң 564 сом, «Гидробетон Строй» ЖЧКсы 25 млн 894 миң 861 сом акча сунушташкан. Натыйжада эң аз акча сунуштаган «Гидробетон Строй» ЖЧКсы тендерди 25 млн 894 миң 861 сомго утуп чыккан.
Жергиликтүү элге пайдалуу тендер
Аталган канал «Тешик-1» каналы деп аталат. Курулуштун долбоору боюнча курулушка жумшалган акчанын 25% жергиликтүү эл төлөшү керек. «Гидробетон Строй» ЖЧКсы 25 млн 894 миң 861 сом акча менен тендерди утуп алган. Ушул 25 млн 894 миң 861 сомдун 25% 6 млн 473 миң 715 сом болот. Бул жергиликтүү эл төлөй турган каражат. Салыштыруу иретинде айтылса, эгер тендерге катышкан башка компаниялар тендерден жеңип ала турган болсо, жергиликтүү эл төлөй турган сумманын көлөмү өсөт. Мисалы тендерге катышкан 4 компаниянын бирөөсү каналдын курулушун 43 млн 531 миң 478 сомго бүтүрүп берүү ниетин билдирген. 43 млн 531 миң 478 сомдун 25% 10 млн 882 миң 969 сом болот. Бул көрсөткүч «Гидробетон Строй» ЖЧКсы көрсөткөн акчанын 25% дээрлик 2 эсеге көп. Жалпылап алганда «Гидробетон Строй» ЖЧКсынын тендерге сунуштаган баасы тендеге катышкан башка компанияларга караганда жергиликтүү элге алда канча пайдалуу.
Курулушка жолто болгон пандемия
Долбоор боюнча аталган «Тешик-1» каналынын курулушу 2021-жылдын март айында аягына чыгат. Тендерден утуп алган «Гидробетон Строй» ЖЧКсы каналдын курулушун 2019-жылдын июнь айында баштаган. Коронавирустан улам дүйнөдө пандемиялык кырдаал жаралып, анын эпкиндери Кыргызстанды да четтеп өтө алган жок. Анын негизинде өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жаралып, кыргызстандыктар 3 айга жакын карантиндик шартта жашады. Надыйжада облустар аралык, райондор аралык унаа каттамдары токтоду. Ири завод-фабиркалар, өндүрүштүк, курулуштук ишканалар ишин токтотту. «Тешик-1» каналынын курулушу да пандемиялык кырдаалга туш келип, анын курулушун куруп жаткан «Гидробетон Строй» ЖЧКсы ишин токтотту. Качан гана өлкөдөгү өзгөчө кырдаал алынып, карантиндик мезгил толугу менен жоюлганда, тактап айтканда ушул жылдын сентябрь айынан баштап «Гидробетон Строй» ЖЧКсы каналдын курулушун кайрадан улантты. Курулуш иши жанданып, ага 21 жумушчу тартылган. Долбоордо көрсөтүлгөн 4 көпүрөнүн бирөөсү орнотулуп, калган үчөөнүн материалдары жерине алып барылган. «Гидробетон Строй» компаниясы каналдын сапаттуу жасап, сапатына 1 жылдык кепилдигин берет.
Мындан сырткары компаниянын мамлекеттик стандартка жооп берген сертификаттары бар. Ошондой эле цемент, кум, шагылдардын да сертификаттарыбар. «Тешик-1» каналынын жанындагы суу агуучу мурунку лотоктор да «Гидробетон Строй-ЖБИ-20» заводдунан чыккан. Аталган лотоктор бүгүнкү күнгө чейин кызмат кылып келет.
Үзгүлтүккө учураган курулуш, жумушсуз калган адамдар
«Гидробетон Строй» ЖЧКнын Катраң айылындагы каналдын курулушуна жооп берген өкүлү Мухаммед Умаров 28-октябрда курулуш иштери кызыкдар тараптардын кийлигишүүсү менен токтотулганын, анын натыйжасында 21 жумушчу жумушсуз калгандыгын, кызыкдар тарап Катраң айылынын тургуну эместигин, каналдын курулушунда иштеп жаткан жумушчуларды коркутуп, аталган аймактан кубалап чыкканын билдирди.
«28-октябрда ишти токтотконбуз. Бул жерде жашабаган адамдар өздөрүнүн кызыкчылыгы менен бир келип, «иштебейсиңер, кетесиңер» деп оор жүк ташуучу унаага салып, чоң жолго алып барып таштап коюшкан. Курулуш иштерин токтотушпаганда буга чейин каналды 2 км чейин куруп коёт элек. Тендер убагында ушул каналдын курулушуна кызыккандар болгон, ошолор кылып жатат. Биз долбоордо кандай болсо, ошондой кылып кылабыз. Биз бетонду кубик сымал куюп, Кадамжайга экспертизага жөнөтөбүз да, алар сапатын текшерип турушат. Бул бетондорду уй тебелесе сынып кетет деп жатышат. Бирок бул абдан бышык. Бетон коюудан мурун ал жердин шагыл-топурактарын бышыктайбыз. Курулуш токтобогондо ушул жылдын декабрь айына чейин каналдын курулушун толук бүтүрмөкпүз», - деди Умаров.
Жаңы курулуучу каналдын узундугу 3 км 440 метрди түзөт. Курулуш иштери бүтүп калса, канал аркылуу Катраң айылындагы 540 гектар жер суу менен камсыз болмок. Бирок курулуш иштеринин солгундап жатышы жергиликтүүлөрдүн да нааразычылыгын жаратып жатат.
Жергиликтүү тургундар «Гидробетон Строй» ЖЧКсы ишти баштап, бирок белгисиз себептерден улам курулуш иштери токтоп калганын айтышат.
«Бул курулуш жакшы болду. Азыр мунун иши үзгүлтүккө учурап, гектарлаган жерге суу жетпей жатат. Канал бүтүп калса, бизге окшогон жергиликтүү элге эле жакшы болмок. Мурунку каналыбыздын абалы начар, авариялык абалда турат. «Гидробеон Строй» ЖЧКсы курулушту куруп жатты эле. Алар курулушту уланта беришсин, элге жакшы болот», - деди жергиликтүү тургун Кайым Айдаров.
Дагы бир жергиликтүү жашоочу Малик Айдаров «Гидробетон Строй» ЖЧКнын ишине тоскоолдук жараткан кызыкдар тараптардын кылган иши туура эместигин айтып, курулуш иштери кайра башталып, канал тезинен бүтүп калса жакшы болорун билдирди.
«Мына ошол кызыкдар тараптар келечегин ойлобогон адамдар окшойт. Ошолордун ишине каршымын. «Гидробетон Строй» ЖЧКсы ишти жакшынакай кылып жатты эле. Бизде 10 жылдан бери суу жетишпестик көйгөйү бар. Бул канал бүтүп калса баарыбызга жакшы болмок. Эгин талааларыбызга толук суу жетип калмак. Биз курулуш иштери токтоп калганына абдан кайгырдык. Эмне үчүн өз нугунда кетип жаткан ишти токтотушат? 1-3 эле адамдын кызыкчылыгынан улам курулуш иштери токтоп калды. Бүт Катраң эли абдан кайгырып калышты. Курулуш иштери кайрадан уланса жакшы болот эле», - деди ал.
Ал эми аталган каналдын курулушуна каршы болгон тарап менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.