Turmush — Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо, андан кийин парламенттик (мөөнөтү белгисиз) шайлоо өтөт. Өлкөдөгү саясий окуялардан улам Нарын шаарынын тургундары кыргызстандыктарды шайлоодо бул жолу добушун акчага сатпоого чакырышты.
Нарын шаарынын тургуну Уланбек Мусаев: «Кудайым буюрса алдыда президенттик жана парламенттик шайлоо болгону турат. 30 жылдан бери мамлекеттин тагдырын көрдүк. Өткөндөгү шайлоодон кийинки кырдаалды көрдүк. Жарандарга айтып кетерим, добушуңуздарды эч качан сатпай, татыктуусун шайлап алалы. Добуш сатуу менен мамлекеттин 5 жылын эле эмес, келечегин сатып жатабыз. Бийликке билимдүү, мекенчил болгон адамдар келиши керек», - деди.
Нарын шаарынын тургуну Аман Керимов: «Келе жаткан шайлоолордо жалпы кыргызстандыктарды өз добуштарын сатпоого чакырам. Президенттик шайлоодо мамлекетке таза кызматын кыла турган адамды шайлап алалы. Өткөндөгү парламенттик шайлоодо кыргыз эли аябай эле кыйналды. Баягы эле акча таратып, элди алдаган партиялар болду», - деди.
Нарын шаарынын тургуну Мээрим Таалайбекова: «Шайлоого катышуу 18 жашка чыккан жарандын милдети. Бул милдет биздин баш мыйзамда даана, так көрсөтүлгөн. Элди шайлоого катышууга жана татыктуусун шайлап алууга, добушту сатпоого чакырым», - деди.