Turmush — Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 300 балага материалдык жактан колдоо көрсөттү.
Кайрымдуулук иш-чарасы Бишкек шаарында Жаштар ассамблеясынын «Кайрымдуулук атуулдук парзыбыз-2020» долбоорунун алкагында уюштурулган. Ага эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Орто Азия боюнча өкүлү Саид Баюми, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын Кыргызстандагы президенти Мухаммед Мади катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында жашаган 300 балага кышкы кийимдер (күрмө, спорттук кийим, өтүк жана баш кийим) тапшырылды. Мындан сырткары ар бир балага 4 миң сомдон жөлөк пул жана азык-түлүк баштыктары таратылды. Ошондой эле балдар үчүн оюн-зоок программалары уюштурулган.
300 балага берилген азык-түлүк баштыктарынын ичинде:
- 25 кг ун;
- 9 кг кесме;
- 10 кг кумшекер;
- 10 кг күрүч;
- 2 кг буудай акшагы;
- 2 кг кара күрүч;
- 250 граммдык чай;
- 10 литр өсүмдүк майы;
- 1 кг таттуу;
- 1 литр томат пастасы;
- 1 литр кайнатылган таттуу сүт бар.
Аталган долбоордун максаты — атадан эрте ажыраган балдарга материалдык жактан колдоо көрсөтүү.
Жаштар ассамблеясынын Кыргызстанда иштеп жатканына быйыл 20 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта өлкөнүн аймагында бир топ социалдык өнүктүрүү багытында долбоорлорду аткарды.
Медициналык клиникаларды, бир кабаттуу мектептерди куруп, мамлекеттик кызматтарга өткөрүп берүүдө. Мындан сырткары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр боюнча көптөгөн социалдык долбоорлор ишке ашырылып келет.