Turmush — Талас шаарында добуш берүүгө келгендердин эң кенжеси 18 жаштагы Алина Чынгызова болду. Ал шайлоого биринчи жолу келип, добуш берип жаткандыгын айтты.
«Мен биринчи жолу шайлоого катышып, добушумду берип жатам. Менин шайлоо участогум №6011 экен. Добуш берүү — бул биздин жарандык милдет. Жоопкерчилик менен өзүм каалаган партияга добуш берем», - деди ал.
77 жаштагы Дилдебек Жумашев ата дагы өзүнүн жарандык милдетин аткарганы келгенин билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.