Turmush — “Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапке Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты.
“Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз Жогорку Кеңешке келсек элдин кызыкчылыгына шайкеш келе турган мыйзамдарды жазып, анын аткарылышын көзөмөлдөйбүз”, – деди Алимбеков.
Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди.
“Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков.
Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты.
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 1-октябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).