Turmush — «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Чолпон Султанбекова Баткен облусунун Кадамжай районунун Пүлгөн айылынын тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда шайлоочулар тургундарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылуу, мектептерди жана бала бакчаларды куруу жана эмеректер менен жабдуу, калктуу конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн трансформаторлор менен камсыздоо, мугалимдерге өзгөчө статус берүү, калкка жогорку сапаттагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана аймакты тез жардам унаалары менен камсыз кылуу маселелерин көтөрүштү.
Мындан тышкары алар социалдык кызматтардын начардыгын жана муниципалдык кызматкерлердин ишке жөндөмсүздүгүн белгилешти.
Талкуу учурунда Кадамжай районунун тургундары Чолпон Султанбековага V-VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы парламенттик шайлоодо партияны колдой турганын айтышты.
Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы – жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 29-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).