Turmush — «Кыргызстан» партиясынын кезектеги үгүт кербени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун бардык айылдарында өттү. Айыл тургундары партиянын өкүлдөрүн жана талапкерин жылуу тосуп алышты.
Жолугушуунун башында «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Эрмек Маркабаев партиянын «Эл үчүн» программасы менен тааныштырып, партия парламентке өткөндөн кийин көтөрө турчу демилгелерге кыскача токтолду.
Андан кийин жергиликтүү тургундар талапкерге элдин социалдык жашоосун жакшыртуу боюнча бир катар суроолорду беришти. Алар айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоого шарттарды түзүү, экономикалык өнүгүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселелерине токтолушту.
Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө шайлоочулар айыл калкынын 60-70%ы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя ала турганын айтышты. Алар айылдардан келген насыя алуучулар үчүн 3-4 айлык эс алууну суранышты. Талапкер шайлоочулардын суроолоруна партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди.
Жолугушуунун соңунда шайлоочулар Маркабаевге баарлашканы үчүн ыраазычылык билдиришип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «Кыргызстан» партиясын колдой турганын айтышты.
«Кыргызстан» партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы — жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 29-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).