Turmush — Инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүү менен кыска мөөнөттө Кыргызстанды өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу «Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда айтты.
«Инвесторлор кандай шартта келерин биз жакшы билебиз. Анткени бардыгы баштан өткөн. Алар өлкөгө келип, завод, фабриканы иштетип жатканда кандай тоскоолдуктарга туш болгонун баарыбыз көрдүк. Ошондуктан инвесторлорго, өлкөбүзгө жана жергиликтүү элге да натыйжалуу болгон мыйзамдарды жазалы деп жатабыз. Бул үчүн бизде тажрыйба жетиштүү. Азыркы учурда Кыргызстанда Германия, Англия, жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн келген бир да инвестор жок», - деди партия лидери.
Жолугушуу учурунда шайлоочулар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү жана элдин жашоо-турмушун жакшыртуу маселелерине байланыштуу бир катар суроолорду узатышты.
Партия лидери шайлоочулардын суроолоруна, партиянын басып өткөн жолу жана программасына таянуу менен жооп берди. Жолугушуунун соңунда айыл эли «Кыргызстан» партиясын колдой турганын айтышып, ак батасын беришти.
Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №189
Буюртмачы: «Кыргызстан» саясий партиясы
Нускасы: 1
Даярдалды: 2020-жылдын 28-сентябры
«Кыргызстан» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020).