Turmush — Ноокат аймактык ооруканасы коронавирус менен күрөшүүдө жаңы усулду колдоно баштады. Ооруканада коронавирустан айыккан жарандардын канынын плазмасын аталган илдет менен ооруган жарандарга куюп жатышат. Оорукананын башкы дарыгери Асамидин Марипов демөөрчүлөр тарабынан жасалма дем алдыруучу аппараттар келип жатканын, мындан сырткары оорукананын администрациясы жыл сайын 20 млн сомдук медициналык аппараттарды алып турарын айтты.
Башкы дарыгер 3-июлда медицина тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн 3-даражадагы «Манас» орденине ээ болду. Аймактык кабарчы Асамидин Марипов менен оорукананын жетишкен ийгиликтери, коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды айыктыруудагы эффективдүү ыкмалар тууралуу маек курду.
«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча коронавирус эң чоң көйгөй болуп калды. Биз эле эмес, дүйнөнү дүңгүрөткөн АКШ, Кытай, Франция, Бразилия, Испания, Италияны да экономикалык кризиске алып келип койду. Бизге окшогон кичине мамлекеттерден да коронавирус четтеп өтүп кеткен жок. 19-марттан бери Ноокат аймактык ооруканасынын дарыгерлери коронавирус менен күрөшүүдө бир топ иштерди аткардык. Ошол 19-мартта чет өлкөдөн коронавирус жуктуруп келген адамдарды дарылап, республикада ушул илдет менен биз биринчилерден болуп күрөшө баштадык. Башында коронавирус менен ооруган 129 жаран кайрылды. Биз убагында райондук администрациянын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жардамынын жана өзүбүздүн эффективдүү кыска мөөнөттүү пландарыбыздын негизинде биринчи этаптан жакшы өттүк. Ошол иштерибизге өзүбүз ыраазыбыз. Анткени оорулуулар келери менен ооруканага, обсервацияларга жаткырып, шарт түзүп, тамак-ашын бердик. Андан кийин баары жакшы болуп, баары жайына түштү деп айтышкан. Бирок биз вирустун экинчи толкунуна даярданып турганбыз», - деди Марипов.
Анын айтымында, ооруканада дары-дармектер, медициналык аппараттар жетиштүү.
«Бизде дарылардын кору 1 айдан ашык убакытка жетет. Жыл башынан бери тендер аркылуу көбүрөөк дары-дармек алдык эле. Жыл сайын 30-40 пайыз дарынын кору туруш керек да. Жыл сайын 20 млн сомдук дары алчубуз. Быйыл 25 млн сомдук дары алдык. Медициналык аппараттар боюнча айта турган болсок, мурунтан аппараттык базабыз жакшы болчу. Жылына 15-20 млн сомдук аппараттарды алабыз. Өзүбүздө 15тей жасалма дем алдыруучу аппараттар бар эле. Кечээ жана бүгүнкү окуяларда таптакыр кыйналган жокпуз. Кээ бир аппараттар жакшы иштеди. Анын ичинде «CPO-300» деген аппарат абдан жакшы иштеп, 5 оорулууну ооруканадан чыгарууга чоң көмөк көрсөттү. Анан калса эки ишкер дагы аппарат сатып беребиз деп жатышат. Анткени жасалма дем алдыруучу аппараттар жок бул абалдан чыгуу кыйынга турат. Дагы бир аппарат боюнча айтайын, коронавирус боюнча кырдаалдан кычкылтексиз чыгып болбойт. Азыр биз кычкылтек станциясын куруп атабыз. Биринчи этапта бизге чоң жардам берди. Азыр төрөт бөлүмүнө орноттук. Жаңы төрөлгөн балдардын айрымдары кычкылтексиз кыйналышат. Балдар реанимациясына, төрөт учурундагы операцияларга суюлтулган кычкылтек 100 пайыз жакшы эффект берет экен. Бул аппараттын концентратордук аппараттан айырмасы өтө чоң. Бул аппараттан берилген аба 99,7 пайызы таза аба. А концентратордук аппарат бөлмөдөгү абаны алып берет. Анын 80 пайыз абасы гана таза болот. Анан бул аппарат эскирген сайын жөн гана шамалды гана берип калышы мүмкүн. Азыр суюлтулган кычкылтек станциясын бүт Кыргызстанга жайылтуу өнөктүгү жүрүүдө. Өткөн күнү Польшадан 10 дарыгер келип, биздин ыкманы көрүп, бизге дагы үйрөткүлө деп кетишти. Тамашалап, Варшавага чакырсаңар куруп беребиз деп айттым. Азыр биздин ыкма менен Нарындагы ооруканага курулуп жатат. Бишкектеги инфекциялык оорукана буюртма берди. Гансидеги 1000 орундуу ооруканадан буюртма алдым. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү ушул биздин усулду бүт Кыргызстанга жайылталы деген маселени койду. Эгер биздин система коюлуп кала турган болсо, канча жыл болсо да иштей берет», - деди башкы дарыгер.
Кытайда колдонулган ыкманы Ноокат аймактык ооруканасы колдонуп көргөн. Натыйжасы жакшы болуп, коронавирус инфекциясынын оор түрүнө кабылган жарандарга жардам болгон.
«Алгачкы жолу ооруканага коронавирус менен абдан катуу ооругандар жатышты. Жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды карап көрдүк. Адабияттарды окудук, интернеттен карадык. Анан кытайлыктардын ыкмасы бар экен. Алар дагы айласы кеткенде ооруп, айыгып чыккан адамдын канын ооруп жаткан адамга кан топторун туура келтирип куйганда бат эффект берген. Биз дагы ошол ыкманы колдонуп, ооруп, айыгып чыккан адамдардын канынын плазмасын өтө оор түрү менен ооруп жаткан жарандарга куйганыбызда, 70-80 пайыз эффект берди. Биз ушул ыкма менен 10дой оорулууну айыктырдык. Бул ыкмадагы эң негизги көйгөй, айыгып чыккан адамдарды таап, алардын ыраазычылыгын алып, экономикалык жактан колдоп, мекенге болгон сүйүүсүнүн негизинде кандарын алуу болду. Бүгүнкү күнгө чейин 161 жаран коронавирус менен ооруканага жаткан болсо, 155и айыгып чыкты. Бүгүн дагы 4 жаранды ооруканадан чыгарабыз», - деди Марипов.
Оорукана коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарды дарылоо боюнча республикада алдыңкы орундарда турат. Райондук деңгээлдеги оорукана болгонуна карабай башка ооруканалардан дарыгерлер көмөккө тартылган эмес. Оорукананын кадрдык базасы чыңалган.
«Все решает кадры» деп СССР убагында айтылган. Биринчи орунда дарыгерлердин билим деңгээли турат экен. Владимир Ильич Ленин «окуу, окуу жана окуу» дегендей, дарыгердин компетенциясы канча жогору болсо, дарылоодогу эффект ошончо жогору болот экен. Биз 3-4 жылдын ичинде 20дай реаниматологду штат жок болсо дагы башка штаттардын эсебинен даярдап, окуттук эле, бүгүнкү күндө башка шаардан бир дагы дарыгерди көмөккө чакырган жокпуз. Жогоруда айтылган дарыгерлер Алматы шаарында, Россияда, Ош шаарында окушту. Анан биздин Швейцария мамлекетинин дарыгерлери менен түз телекөпүрө бар. Алардын профессорлору бизди окутушат. Билим деңгээлибиз жакшы. Азыркы күндө ар бир агымда (поток) төрттөн реаниматолог туура келет. Ошондой эле төрттөн терапевт, кардиолог, 8 медайым, 8 техникалык кызматкер туура келет. Ушул кадрлардын ар бири 6 сааттан иштейт. Ошолор бүт көйгөйдү чечип жатышат», - деди башкы дарыгер.
Асамидин Марипов 3-даражадагы «Манас» ордени көп жылдык эмгегинин жана бирге иштеген эмгек жамаатынын ынтымактуулугунун, эффективдүү иштегенинин натыйжасында берилгенин билдирди.
«Бул орденди мурун эле беребиз деп жүрүшкөн экен. Эми сыйлык алуу ушул убакка туш келип калыптыр. Орден менин атыма берилгени эле болбосо, бул сыйлык мени менен бирге иштеген дарыгерлердин, биздин жамааттын жетишкендиги десем жаңылышпайм», - деди Марипов.