Turmush — «Ош электр» ишканасы жарандарды жайкы эс алуу мезгилинде техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.
Аталган ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, «Ош электр» ААК жыл сайын жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге профилактикалык иштерди алып барат. Анын негизги максаты — тургундардын өмүрүнө коркунуч келтирбөө.
«Электр тогу денеге тез таасир берип, анын кесепетинен оор жаракат алгандар, өлүм менен коштолгон учурлар да көп болот. Биздин кызматкерлер ушундай учурларды алдын алуу максатында электр зымдарын текшерүүдөн өткөрүп, эскилиги жеткен тетиктерди байма-бай алмаштырып турушат. Корголгон жерлерде эскертүүчү белгилер, маалымат тактайчалары орнотулган.
Электр тогунан жаракат алгандардын көпчүлүгү коопсуздук эрежелерин такыр сактабаганын статистика далилдеп турат. Жарандар кирүүгө тыюу салынган аймактарга кирип кетүүсү, подстанцияларга жана жогорку чыңалуудагы электр чубалгылардын алдында балык уулоо адам денесине оор жаракаттарды алып келет», - деп айтылат маалыматта.
Эскертүү:
• дарыяларда, көлдөрдө электр чубалгылардын алдында балык уулоого;
• кайырмактарды электр чубалгылардын алдында бийик көтөрүүгө;
• электр чубалгылардын алдында жана подстанциянын жанында оюн-зоок уюштуруу, от жагуу, автоунааларды токтотуу, чатырларды тигүү жана учуучу оюнчуктарды асманга учурууга;
• электр зымдарына башка буюмдарды жана кайырмактын кылын ыргытууга;
• электр мамычаларына жакын баруу, чыгуу жана изоляторлорго доо кетирүүгө тыюу салынат.