Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа району боюнча канча мугалим «Эл мугалими» жана «Эмгек сиңирген мугалим» наамына ээ болушканын аймактык кабарчы тактап чыкты.
Аталган район боюнча «Эл мугалими» наамын 1 мугалим, ал эми «Эмгек сиңирген мугалим» наамын 11 мугалим алышкан. Мындан тышкары 226 мугалим «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисине ээ болушкан.
«Эл мугалими» наамын алгандар:
- Мукаш Базаркулов 1935-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. 1979-1991-жылдары Кыргыз Республикасынын агартуу министри болуп иштеген. 1994-жылы КРнын президентинин буйругу менен «Эмгек сиңирген мугалим» наамы, 2005-жылдын сентябрь айында «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» наамы ыйгарылган.
«Эмгек сиңирген мугалим» наамын алгандар:
- Аскар Турдакунов 1922-жылы Ак-Тал айылында туулган. 60 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган инсанга 1982-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган. 1997-жылы аталган айылдагы орто мектепке ысымы берилген.
- Насипа Жыргалбекова 1924-жылы Коңорчок айылында туулган. 1942-жылдан баштап башталгыч класстын окуучуларына билим берип иштеген. Өмүрүнүн аягына чейин балдарга билим берүү ишин аркалаган. 1967-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Советинин президиумунун чечими менен «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими» наамы тапшырылган. 1993-жылы аталган айылдагы мектепке ысымы ыйгарылган.
- Шатбүбү Молдогалиева 1927-жылы Үгүт айылында туулган. Ак-Талаа районундагы бир катар орто мектептерде мугалимдик кесибин үзүрлүү аркалаган. 1966-жылы «Кыргыз ССРнин элге билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, 1968-жылы «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими» наамына ээ болсо, 1978-жылы «Улук мугалим» наамы берилген.
- Сарыбагыш Нурдинов 1930-жылы Тоголок Молдо айылында туулган. Куланак (азыркы Нарын), Ак-Талаа райондорунун орто мектептеринде мугалим, бир катар мектептерде директор жана 1973-1977-жылдары Карл Маркс атындагы колхозунда башкарма болуп иштеген. «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы, «Эмгек Кызыл-Туу» ордени менен сыйланган.
- Жибек Жусупбаева 1939-жылы Тоголок Молдо айылында туулган. Кесиби боюнча физик-математик мугалим болуп иштеген. Талыкпаган эмгегинин арты менен 1983-жылы «Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйланган.
- Туратбек Нуралиев 1939-жылы Ак-Чий айылында туулган. 1974-жылдан тарта 2001-жылга чейин райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенген. Андан соң орто мектептерде бөлүм башчы, директорлук кызматтарды аркалаган. Талыкпаган эмгегинин арты менен «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйланган.
- Таалайбүбү Насырынбекова 1941-жылы Кадыралы (азыркы Кызыл-Белес) айылында туулган. Математик мугалим болуп Нарын, Сүлүктү, Бишкек шаарларында эмгектенген. 2002-жылы Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгында адис болгон. 1976-жылы «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамын алууга жетишкен.
- Төлөбек Жусупбеков 1943-жылы Кара-Ой (азыркы Тоголок Молдо) айылында туулган. Кесиби боюнча физика сабагынын мугалими. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин буйругу менен «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамын алган. Учурда айылдык аксакалдар сотунун төрагасы.
- Мукамбет Жамангулов (Мукаш ажы) 1941-жылы Ак-Кыя айылында туулган. Эмгек жолун мугалимдик кесиптен баштап комсомолдук, профсоюздук жана партиялык кызматтарда иштеген. 2008-жылы «КРнын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган. 2015-жылы каза болгон.
- Акин Токтосунова 1947-жылы Кара-Бүргөн айылында туулган. Кесиби тарых мугалими. Бир катар мектептерде окуу бөлүм башчысы, директор жана райондук билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенген. Билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн 2000-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамына ээ болгон.
- Айна Осмонова 1949-жылы Жети-Өгүз районунун Кытай айылында туулган. Ак-Талаа, Тогуз-Торо районунун орто мектептеринде, Нарын шаардык кесиптик техникалык окуу жайында мугалим жана шаардык билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп эмгектенген. 2019-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы ыйгарылган. Мугалимдер үчүн 6 методикалык колдонмо китептердин автору болууга жетишкен.