Turmush — Ош шаарында жеке ишкер Нурсултан Шакир уулу 250 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратып, көп кабаттуу үйлөрдү дезинфекциялоого жардам берди.
Коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучунан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал режими киргизилсе, Ош шаарында өзгөчө абал режими жарыяланган. Ошондой эле кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин коменданттык саат киргизилген. Мындай кырдаалда күнүмдүк киреше тапкан жарандар жумушсуз калып, азык-түлүккө муктаждык жаралды. Жеке ишкер Нурсултан Шакир уулу жардамга муктаж адамдарды эске алып, Ош шаарынын Туран аймактык кеңешиндеги 250 үй-бүлөгө азык-түлүк таратты.
«Мен кичинекей кезимден эле эл үчүн иштейм, элге керегим тийсе экен деген максат койчумун. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда муктаж адамдарга колумдан келишинче жардам берип жатам. Биз "мамлекет эмне кылып берди?" дебей, "биз мамлекетке эмне кылып бердик?" деп жашашыбыз керек. Ошондуктан азык-түлүккө чын эле муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк тараттым. Бул да болсо эл үчүн. Мындай кырдаалда эч кандай башка ой жок. "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга" деген Жолон Мамытовдун ыры бар эмеспи. Дал ошол сыяктуу ар бир уул элдин башына кыйын иш түшкөндө жардам бербесек, качан жардам беребиз? Мындай жардамдарды уланта берем», - деди Нурсултан Шакир уулу.
Анын демилгеси менен 28 жумушчу 6 унаа менен Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү, калктуу конуштарды дезинфекциялап жатышат.