Turmush — Азыркы эпидемиялык кырдаалда Ош мамлекеттик университети да дистанттык технологияларды колдонуу менен аралыктан билим берүүгө өттү. Кырдаалга байланыштуу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кескин чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Аралыктан байланышууну үзгүлтүксүз уюштуруу максатында бир катар кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлдү. Төмөндө ОшМУда аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалымат коопсуздугун камсыздоо үчүн пайдаланылган маалыматтык-коммуникациялык системалар менен таанышууга болот:
KelBil (КелБил) платформасы
Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук ырааттама жана сабакка катышканын каттаган электрондук журнал катары гана колдонулуп келген. Эми жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык сабактардын окуу материалдарын да түз эле KelBil тиркемесине илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же .pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда алгачкы жолу AVN системасындагы «Билим берүү порталы» менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube жана башка каражаттарын бир системага топтоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу бардык предметтерге кирип, окутуучулар илген шилтемелерди, окуу материалдарын кеңири колдоно башташты. Ошондой эле аткарган тапшырмалары үчүн алган упайларын да ушул тиркемеден көрө алат.
AVN корпоративдик маалымат системасы
ОшМУнун AVN маалыматтык системасы окутуучулардын жана кызматкерлердин аралыктан иштөөсүнө ыңгайлаштырылды. Эми ар бир окутуучу үйүндө отуруп эле өзүнүн ырааттамасын өзгөртүп, тесттик материалдарды киргизип, электрондук ведомостторду толтуруп, студент менен кайтарым байланышты уюштура алат. Бүгүнкү күндө ар бир предмет боюнча бардык электрондук окуу материалдары AVN системасына киргизилген. Окутуучу тарабынан ар бир студенттин онлайн сабактарга катышканын, тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө жана каттоо толук автоматташтырылган. Ал эми студентке өзү жөнүндөгү маалыматтар автоматтык түрдө КелБил тиркемеси аркылуу жөнөтүлүп турат. Башкача айтканда AVN системасы менен КелБил тиркемеси синхрондуу иштейт. Тиешелүү жетекчилер каалаган учурда аталган системага кирип, процесстердин өз убагында аткарылышын көзөмөлдөп, тиешелүү отчетторду топтой алышат.
Корпоративдик почта
ОшМунун mail.oshu.kg серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми учурдун талабына ылайык ОшМУнун ар бир окутуучусуна (кызматкери) *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги аркылуу университеттин расмий окутуучусу катары башка тараптар менен кат алмашууга шарт түзүлдү. Натыйжада университетте ички жана сырткы тараптар менен маалыматтарды ыкчам алмашууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш аракеттер күчөтүлдү. Ошондой эле ректор тарабынан корпоративдик сервердин жардамы менен *@oshsu.kg даректеринин ортосунда ички документ алмашууну ишке киргизүү максатында электрондук кол тамга коюу мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча тишелүү адистерге тапшырма берилип, жакынкы күндөрү бул мүмкүнчүлүктүн да ишке ашуусу күтүлүүдө.
Видеоконференция
Студенттерге онлайн видеосабактарды сапаттуу уюштуруу максатында AVN маалымат системасынын вебинарын колдонуу менен бирге Zoom тиркемеси кеңири колдонулууда. Университеттин жетекчилиги карантин мезгилинде окуу процессин талапка ылайык уюштуруу максатында биринчилерден болуп Zoom программасынын жардамы менен университеттин административдик кеңешмелерин, андан кийин бардык структуралык бөлүмдөрдүн кеңешмелерин онлайн уюштурууга жетишти. Мындан сырткары Мегаком компаниясы менен келишимдин негизинде vks.megacom программасы аркылуу университеттин түрдүү деңгээлдеги жыйналыштары онлайн уюштурула баштады.
Андан сырткары маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында ректордун талабы менен университеттин өздүк bbb2.oshsu.kg/ деп аталган видеоконференция уюштуруучу байланыш системасы иштелип чыкты. Бул система жогоруда аталган интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, тактап айтканда синхрондук байланышты уюштурууга, маалыматтарды университеттин дата-борборунда гана сакталуусуна жол ачты.
Ошондой эле ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков MegaCom компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ОшМУнун окутуучулары жана кызматкерлери акысыз интернет жана чалууга ээ болушту. Студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн ОшМУнун 35тен ашуун интернет зоналарына кирүү жана андагы электрондук маалымат ресурстарын колдонуу акысыз болуп калды.
RETEST.KG сайты
Абитуриенттердин ЖРТга даярдыгын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000ден ашуун окуучу RETEST.KG сайтына кирип, сынактардан өтүп жатышат.
Ош шаарына 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген.