Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 25.01.2014 15:03

Жумгалда Соң-Көл маданият үйүнө белгилүү артист Т.Турсунбаеванын ысымы берилди

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылында орун алган Соң-Көл маданий үйүнө белгилүү актриса, КРнын эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын ысымы берилди.

Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Токтобек Ысыранов аймактык кабарчыга билдиргендей, учурда Жумгал районундагы жалгыз эң чоң маданият үйү болуп пайдаланып келе жаткан Соң-Көл маданий үйүнө кыргыз өкмөтүнүн буйругу менен 21-январда Турсунбаеванын ысымы ыйгарылды.

«Бул жылы сахна ажары, кайталангыс талант ээси Таттыбүбү эжебиздин 70 жылдык мааракесинин урматына карата, райондогу маданият үйүнө ысымы берилди. Бул мааракеге карата бул жылы жакшы иш-чараларды уюштурабыз деген ойдобуз», - деди Т.Ысыранов.

Ал кошумчалагандай, мындан ары аталган маданият үйү Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Соң-Көл маданий үйү болуп аталып калмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×