Turmush — Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин лицейлери, башталгыч жана эл аралык мектептери, жогорку окуу жайы болгон «Ала-Тоо» университети Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде 2020-жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин убактылуу эс алууга таратылган.
Республиканын бардык аймагындагы «Сапат» мектептери менен лицейлеринде окуган окуучуларга мотивация берүү жана окуу программасын толук бүтүрүү максатында IV чейректин программасы аралыктан окутулат. Сабактар 1-апрелден баштап саат 09:00дөн 13:00гө чейин уюштурулат. Дистанттык окутуу интернет байланышы аркылуу онлайн жана даярдалган видео сабактар аркылуу ишке ашат.
Аралыктан окутуу ZOOM жана EDUPAGE программалары аркылуу жүргүзүлөт.
Ал эми кошумча сабактар, сынактар, үй тапшырмалары жана тарбиялык маанидеги иш-чаралар класс жетекчилер жана предметтик мугалимдер тарабынан уюштурулуп, окуучу жана ата-эне менен болгон тыгыз байланыштын негизинде ишке ашат.
Эл аралык «Ала-Тоо» университети
Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин дистанттык окутуу боюнча 8 жылдык тажрыйбасы бар. Факультеттерде жана колледжде аралыктан окуу пландары иштелип чыкты. Студенттер эс алууга тараганына карабастан, окутуучулар окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, сабактарын окуу жүгүртмөсүнө ылайык окутуп жатышат.
Кайрымдуулук
«Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» дегендей, дүйнө жүзүн адамдарды үйлөрүнө отургузуп койгон COVID-19 алааматы Кыргызстанга да баш бакканда эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин жалпы жамааты, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр четте карап турган жок.
Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзгөчө абал киргизилгенден тартып күнү-түнү шаардагы жана аймактагы тургундардын коопсуздугу үчүн блокпосттордо турган милиция жана медицина кызматкерлерине көп милдет жүктөлгөнү белгилүү.
«Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы блокпосттордо турган милиция жана медицина кызматкерлерине бет кап, антисептик жана өздүк гигиена каражаттары жеткирилип берилди. Блокпосттогу кызматкерлер ысык тамак жана ысык чай менен камсыздалууда.
Ошондой эле Токмок шаарындагы «Үмүт» кыздар лицейи менен Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин жатаканалары учурда обсервация жайлары катары колдонулуп жатат.
Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин жамааты кыргыз элинин бул алааматты биримдикте, ынтымакта, бекем тартип менен жеңип кетерине терең ишенимин билдирет.