Turmush — Электр энергиясына болгон карызды электрондук капчык аркылуу төлөсө болот. Бул тууралуу «Ошэлектр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Учурдагы кырдаалга байланыштуу электр энергияга болгон карызды https://oshelectro.kg/ сайтынан же https://oshelectro.kg/main/page/19/0/ шилтемеси аркылуу текшерсе болот.
Шарттары:
- oshelectro.kg сайтына кириңиз;
- «Абоненттер үчүн» деген бөлүктү басыңыз;
- «Сиздин электр энергияга болгон балансыңыз» бөлүмүнө кирип, өзүңүз жашаган аймакты же сиздин аймакты тейлеген райондук электр тармактарын тандайсыз;
- эсеп дүмүрчөгүндөгү жеке номурду терип, электр энергиясына канча карыз экениңизди көрө аласыз.
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү дүкөндөрдө орнотулган терминал жана «Элсом» мобилдик капчыгы аркылуу жүргүзсөңүз болот. Ал үчүн терминалдагы коммуналдык кызматтар бөлүмүнөн «Ошэлектр» бөлүмүн тандап, жеке эсепти жана сумманы көрсөтөсүз.
Байланыш телефондору: 151 кызматы, 0777 90 90 76 (WhatsApp), 03222 8 25 15.
«Ошэлектр» ишканасы Ош жана Баткен облусун үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн 24 саат дем алышсыз иштөөдө.