Turmush — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдун төрагалыгынын астында активдердин жыйыны өттү. Анда коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстандын өкмөтү тарабынан кабыл алынган чараларды колдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Шайлоолорго даярдыктар башталган 5 шаарда партиянын үгүтчүлөрү жана жактоочулары коомдук транспортторду, көчөлөрдү, жарандар көп топтолгон жерлерди санитардык тазалоо боюнча иштерди уюштурууга жергиликтүү бийликке жардам берүүгө даяр. Ош, Каракол, Майлуу-Сууда, Балыкчы жана Токмок шаарларында 100 ыктыярчы (волонтёр) жардам берүүгө даяр турат.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы зарылчылыкка жараша ыкчам түрдө ыктыярчылар тобун өлкөнүн шаарларына дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүгө чыгара алат. Партиянын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнө жергиликтүү бийлик органдары менен байланышып, пандемияга каршы масштабдуу чаралар жүргүзүлө турган болсо, өз ара кызматташуунун варианттарын талкуулоо тапшырмасы берилди.
Аткаруучу: АКИ «Кыргызстан» ЖЧК, Бишкек ш., Москва көчөсү №189
Буйрутмачы: «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы.
Шайлоо фондунан ыйгарым укуктуу өкүл Муратбек кызы Айпери тарабынан төлөндү. 18.03.2020., Нуска: 1.