Turmush — «Мекеним Кыргызстан» партиясы Ош шаарында калктын социалдык, тиричилик жана башка бардык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган онлайн-долбоорду ишке киргизет.
Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Абдысаит Каримбеков «Активдүү жаран» санариптик платформасы кандай иштей турганын айтып берди.
- Сиздердин партия «Активдүү жаран» санариптик платформаны сунуштап жатат. Аталышы абдан кызыгуу жаратууда. Бирок азырынча эл мунун кантип иштей турганын жакшы биле бербейт. Же бул шайлоо алдындагы амалдардын бириби?
– Бардык эле шайлоого бараткан партиялар өзүнүн шайлоочулары менен түз байланышта болушат. Алар аркылуу биз аларды ойлондурган көйгөйлөр, кайсы маселени чоңдор атайлап создуктуруп жүрүшөт, кайсы жетекчи өзүнүн милдеттерин жакшы аткара албай жатат, же алаканын жайып басып жүрөт деген маселелер туурасында билип турабыз.
Мындай жол менен алынган маалыматтарды топтоо, жалпылаштыруу жана талдоо аркылуу биз бул көйгөйлөрдүн ичинен кайсы маселе өтө курч турганын аныктай алабыз, анан активисттер менен бирге анын чечилишин тыкыр көзөмөлгө алабыз. Биз сайт ачтык, сайт аркылуу коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз байланышып, алардан билдирүүлөрдү жана сунуш-тапшырмаларды (наказдарды) алабыз.
– Ошентсе да бул кандай болуп иштейт? Иштөө системасын айтып берсеңиз.
- Сайт аркылуу алынган билдирүү маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна түшөт. Ал жактан мамлекеттик органдарга же жооптуу муниципалдык түзүмдөргө барат. Чоңдордун көз жуумуп же атайылап создуктурушуна жол берилбейт. Бардык даттануулар сайтка ачык коюлат да, биз активдүү жарандар менен биргеликте алардын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз. Ошентип жетекчилердин
коомчулуктун алдында отчёт берип жатканда элди кызыктырган биринчи кезектеги көйгөйдүн чечилиши боюнча суроого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
– Көзөмөлдөөнүн мындай системасын бүт Кыргызстанга жайылтууга болобу?
– Албетте, ар бир райондун өзүнүн спецификасы бар. «Активдүү жаран» долбоору чоңдордун ошол аймактын курч көйгөйлөрүн көрүп турушуна көңүлүн бура алат. Бул биринчи кезекте жетекчилердин жакшыраак иштешине жана өз милдеттерин аткарууда жоопкерчиликтүү болушуна түрткү болот. Мунун артыкчылыгы — жарандарыбыз «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен тыгыз кызматташууда болот. Кызматташуунун мындай деңгээлинде биз активдүү жарандар менен биргеликте коомчулук кызыктырган
маселелерди чечүүгө жетишебиз.
Аткаруучу: АКИ «Кыргызстан» ЖЧК, Бишкек ш., Москва көчөсү №189
Буйрутмачы: «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы.
Шайлоо фондунан ыйгарым укуктуу өкүл Муратбек кызы Айпери тарабынан төлөндү. 17.03.2020. Нуска: 1.