Turmush — Билимдүү кадрларды даярдоо милдети жогорку окуу жайларга жүктөлгөн. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери да мамлекеттик кызматтарда иштеп, өздөрүнүн ишмердүүлүгүн өркүндөтүп, ийгиликтерди жаратууда. 26 жыл мурда Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан ачылган бул окуу жай бүгүнкү күнгө чейин эки өлкөнүн студенттерине тең билим берип келүүдө. Аймактык кабарчы окуу жайдын ректору Чаткалбай Райымбаев менен баарлашып, университеттин өнүгүүсү, тарыхы тууралуу маектешти.
- Чаткалбай Кенейбаевич, алгач окуу жайдын тарыхына токтолсоңуз.
- Кыргыз-Өзбек университети 1994-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын түштүк облустарындагы бардык улуттардын, айрыкча кыргыз, өзбек улуттарынын билимге болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында ачылган. Мына, университеттин түзүлгөнүнө чейрек кылымдан ашып калды. Ушул 26 жылдын аралыгында университет өзүнүн миссиясын жогорку деңгээлде аткарды десем болот. Анткени университеттин билим берүүдөн сырткары эң негизги миссиясы – бул жалпы этностордун, алардын ичинде кыргыз жана өзбек улуттарынын ортосундагы достукту, ынтымакты, биримдикти илим-билим, маданият аркылуу чыңдоо. 26 жылда 10 миңден ашуун студент тарбияланды. Аларды Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия Федерациясы үчүн дагы даярдадык. Биздин бүтүрүүчүлөр өлкөбүздө гана эмес, башка мамлекеттерде, айрыкча Өзбекстан Республикасында сыймыктуу, жооптуу кызматтарда иштеп жатышат.
- Сиздердин окуу жайда Өзбекстандан келген студенттер көбүрөөк окуса керек. Алардын мекенине массалык түрдө кетүүсү окуу жайда кандай жүрдү?
- Ооба, кетебиз деп келишти. Бирок биздеги эреже боюнча окуу жайдан 1-курста жана акыркы курста которулууга болбойт. Бирок дагы бир нерсени айта кетейин, Өзбекстан чыгарган буйрук бардык эле өзбекстандык студенттердин кызыкчылыгын жаратты деп айта албайм. Анткени бизге кайра келген бир топ өзбекстандык студенттер бар. Алар биздин окуу жайда эле окуп, окуусун ушул университеттен аяктарын айтышкан. Негизи ушул окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрү, түзүлгөн шарттар, материалдык-техникалык базасы, мугалимдердин потенциалы бизди канааттандырат жана ушул окуу жайды окуп бүтүрүүгө даярбыз деген студенттерибиз абдан көп. Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин буйругу менен эле баары которулуп кетет дегенден алысмын. Бизге өзбекстандык студенттер быйыл эле келе калышкан жок. Алар окуу жайда көп жылдардан бери окушат. Анан университеттин дагы бир өзгөчөлүгүн белгилеп кетким келет. Кыргыз-Өзбек университетинин статусу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда 1996-жылы түзүлгөн атайын келишим бар. Келишим бир нече пункттан турат. Ага ылайык биздин Өзбекстан Республикасына кадрларды даярдап берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал келишим 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Ошол келишимде «эгерде өкмөттөр тараптан келишимди жокко чыгаруу жөнүндө 6 ай мурун билдирүү берилбесе, келишим автоматтык түрдө 5 жылга узартыла берет» деген жери бар. 1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең билдирүү берилген эмес, демек келишим 26 жылдан бери күчүндө турат.
- Университетте учурда канча студент билим алат?
- Бүгүнкү күндө университетте 12,5 миң студент окуйт. Биздин университет бир гана жогорку билимдүү адистерди тарбиялап чыгарбастан, 3 баскычтуу окутууну ишке ашырып келет. Биринчиси – башталгыч билим берүү. Буга лицейлер кирет. Экинчиси – орто билим берүү. Буга колледждерибиз кирет. Үчүнчүсү – жогорку билим берүү. Ушулардын баарын кошкондо 12,5 миң студент бар. Анын ичинен 4 миңге жакыны өзбекстандык студенттер болуп саналат. Анан өзбекстандык студенттер кетип калса, биз үчүн чоң трагедия деле болбойт.
- Ар бир жогорку окуу жайда профессорлор, илимдин кандидаты, доценттер болот эмеспи. Бул жатта сиздердин окуу жайда абал кандай?
- Кыргыз-Өзбек университетинде иштеп жаткан жалпы окутуучулар боюнча айта турган болсом, алардын саны 450дөн ашат. Алардын ичинен 200гө жакыны жогорку билим берүүчү окутуучулар болуп саналат. Алардын ондон ашыгы илимдин докторлору, профессорлор. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиктери, мүчө-корреспонденттери, керек болсо эл аралык даражадагы мугалимдерибиз бар. Мындан сырткары билим берүүнүн мыктылары болгон 50дөн ашык мугалим эмгектенет. 70тен ашык илимдин кандидаттары, доценттер иштейт. Мына ошолордун баардыгынын максаты – келечектин ээси болгон билимдүү жаштарды тарбиялоо. Окуу процесси менен биргеликте илим изилдөө иштери да жүргүзүлүш керек. Илим изилдөө негизинен кафедраларда жүргүзүлөт. Изилдөө иштерин практика менен айкалыштыруу максатында окуу жайда 7 илимий борбор иштейт. Ошол борборлордо илимдин кандидаттары өздөрүнүн диссертациясын коргоп, ачылыштарына патенттерди алып жатышат. Бул жаатта бир топ ийгиликтер бар. Биз илимдеги жетишкендиктерди ишке ашыруу боюнча өкмөткө чейин сунуштап жатабыз.
- Президент Сооронбай Жээнбеков 3 жылды катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул жатта кандай иштер жүргүзүлүүдө?
- Президент Сооронбай Шарипович быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялады. Санариптештирүү – бүгүнкү күндө биздин жашообуздун эң негизги алдыга жылдыруучу механизм болуп калды. Санариптештирүү – коррупциядан арылуу, адамдар аралашкан көйгөйлөрдү жок кылуу катары киргизилип жаткан кадам болуп жатпайбы. Ошону эске алып, санариптештирүүнү университеттер да ишке ашырыш керек. Биздин университетте санариптештирүү иштери башталды. Негизи санариптештирүүнү көп жылдардан бери аткарып келгенбиз. Бирок соңку эки жылда ушул багытты дагы да өркүндөтүп жатабыз. Бүгүнкү күндө окутуучу, студент, бардык кызматкерлердин кыймыл-аракети автоматташтырылды. «АВН» маалыматтар системасы бар, ошол жерден студенттер тууралуу бардык маалыматтарды табууга болот. Анан 2019-жылы окуу жайыбызга чоң маданий комплекс курдук. Ошол комплекстин ичинде 500 орундуу жыйындар залы бар. Бир эле мезгилде 6 тилде маалымат берилүүчү конференциялык зал да курулду. 6 тил синхрондук түрдө которулуп турат. Соңку 1 жылда эл аралык иш-чаралар ушул конференциялык залыбызда өттү. Мындан сырткары студенттер үчүн электрондук китепкана ачтык. Электрондук китепканага дүйнөлүк китепканаларга туташкан чоң-чоң программаларды сатып алып, орноттук. Ошол системалар азыр иштеп баштады. Электрондук китепканабызга дүйнөлүк чыгармаларды, колдонмолорду киргиздик. Ал үчүн бир топ чыгымдар сарпталды. Бирок ансыз алдыга жылууга болбойт.
- Окуу жайда мугалимдерге кандай шарттар түзүлүп жатат?
- Биздин окуу жай өлкө эгемендик алгандан кийин базар экономикасына өтүп жатканда ачылган биринчи окуу жай болуп саналат. Ошто технологиялык техникум болгон. Ошол техникумдун базасында Кыргыз-Өзбек университети ачылып, алгач 60 студент менен өз ишин баштаган. Бир убакта Кыргыз-Өзбек университетинде 25 миңге чейин студент окуган. КӨУ өнүгүүнүн көп этаптарын басып өттү. Республикалык бюджеттен берилген акчага карабай, келишимдик негизде окуган студенттердин арты менен мугалимдерди маяна менен камсыз кылганга жетиштик. Үйгө муктаж болгон мугалимдерди атайын комиссиянын негизинде тандап, батир бердик. Анан профсоюз тарабынан үй курам деген мугалимдерге жер берилди. 26 жылдын ичинде Ош шаарында 7 окутуу имаратына ээ болдук. Алдыбызга койгон чоң-чоң пландарыбыз бар, алар жакынкы 2-3 жылда ишке ашат. Университеттин мектебин куралы деп жатабыз. Азыр көп кымбат мектептер курулуп жатат. Бирок биз кымбат эмес, элдин чөнтөгүнө жараша билим бере ала турган мектеп курганы жатабыз. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы колледжибиздин ачылышы университетибиздин кеңейип жатканынан кабар берет. Биздин университеттеги мугалимдердин маянасы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин маянасынан алда канча жогору. Университеттеги мугалимдердин орточо айлыгы 20 миң сомду түзөт.
- Окуу жайда болочок кадрларды даярдоо иштери кандай жүрүүдө?
- Кадр маселесине өзгөчө көңүл бурабыз. Абитуриенттерди жалпы тестирлөөнүн негизинде кабыл алып жатабыз. Анан мугалимдерди жумушка кабыл алуу боюнча атайын комиссия иштейт. Жумушка жаңы алынган жаш мугалим тажрыйбалуу окутуучу тарабынан көзөмөлгө алынып, даярдалат. Ал эми абитуриенттин окууга өтүүсү үчүн 110 деген босого балл бар. Ошол баллды бир аз төмөндөтүшүбүз керек. 110 баллга жетпей калган студенттерди Орусиянын окуу жайлары, колледждери кабыл алып жатат. Орусияда окуган студенттер кайра бизге которулганда, аларды кабыл алууга туура келип жатат. Жаштар мамлекетте калыш керек. Азыр окууга өтпөй калган жаштар чет өлкөгө иштегени кетип жатат. Ал тапкан акчасын үйүнө салат. Бирок анын баласы үчүн ошол чет өлкө мекен болуп калат. Анын баласы Кыргызстанга келбейт. Алар мекенине кайтпаса, мамлекетте демографиялык көйгөйлөр пайда болуп, өлкөдө жаштарга караганда карылардын саны көп болуп калышы мүмкүн.
- Ош шаарында бир нече жогорку окуу жайлары бар. Кыргызстанда да университеттер көп. Сиз алардын ичинен Кыргыз-Өзбек университетин канчанчы орунга коёт элеңиз?
- Биз өзүбүздүн университетибиздин ордун аныктай албайбыз. Казакстанда жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүн изилдей турган агенттик бар. Ал агенттиктер 2-3 жылдан бери Кыргызстандагы жогорку окуу жайларды да анализдеп калды. Кыргызстанда 65 жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинен жаңылышпасам 32 жогорку окуу жайы мамлекеттик болуп саналат. Бардык окуу жайларга ошол агенттиктин иликтөөсүнө катышкыла деп жарыя кылышат. Министрликтен кошумча маалымат берилет. Анан изилдөөгө биз биринчи катышкан жылы өтө эле аз окуу жай катышты. Былтыр 2019-жылы 65 окуу жайдын ичинен 17 жогорку окуу жайы катышты. Өткөн жылы биз 9 программа менен катышканбыз. Ошол 9 программанын ичинен костюм жана текстиль искусствосу боюнча Кыргызстанда 1-орунду алдык. Бул анализди мен жүргүзгөн жокмун. Ошол көз карандысыз агенттиктин анализинен кийин белгилүү болду. Сертификат берилди. Костюм жана текстиль багытында эмгектенип жаткан мугалимдерге өзгөчө көңүл бурдук. Дизайн жаатында СССРден калган материалдык базабыз бар. Ал жерде окуган студенттердин саны да көп. Демек бул жааттагы адистер бизде жакшы даярдалат.